www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкенттин Мирабад райондук соту блогер Абдукодир Муминовдун иши боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Сот кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу Муминовду "Кызмат абалын пайдалануу менен кайрадан алдамчылыкка баруу" беренеси боюнча актады. Бирок "Оор кесепеттерге алып келген жеке жашоонун кол тийбестигинин бузулушу", "Опузалап ири өлчөмдө акча талап кылуу", "Ири суммага бааланган кызмат көрсөтүүдөгү эрежелерди бузуу" жана "Пара берүүгө катышуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 7 жыл үч айга эркинен ажыратты.

Мындан тышкары сот блогердин үч жыл журналисттик ишмердүүлүк менен алектенүүсүнө тыюу салып, жабырлануучуларга материалдык жана моралдык зыян келтиргени үчүн кенемте төлөп берүүгө милдеттендирди.

"Ютубда" 247 миң катталуучусу бар Ko'zgu каналынын автору, 33 жаштагы Абдукодир Муминов президент Шавкат Мирзиёевди кескин сындап келгени менен белгилүү. Укук коргоочулар менен социалдык түйүн колдонуучулары ал Мирзиёевдин күйөө балдарынын бизнестери жөнүндө жасаган иликтөөлөрү үчүн камалды деп эсептеп келишет.

Блогер быйыл февралда алдамчылыкка жана опузалап акча талап кылууга шектелип кармалган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости