www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мухаммед Пайгамбарыбыз айтты делген “аалымдар пайгамбарлардын мураскорлору” деген хадисти ислам илимпоздору туура экендиги “күмөндүү” хадис деп айтышса да биз аалымдарыбызды сыйлайбыз жана аларга карата акаарат айтууну мусулманчылыкка сыйбаган нерсе деп эсептейбиз. Ошондуктан бул жерде айтылгандарды Чубак Жалиловдун жана ага окшогон диний лидерлердин колдоочулары акаарат катары эмес, сын пикир катары кабыл алат деген ойдобуз.
Чубак ажы эгемендүүлүктөн кийин Сауд Арабияда диний билим алып азыркы учурда кыргыз элине диндин жол-жобосун үйрөтүп жаткан адам. Адам дейбиз, себеби аалымдардын “ыйыкташып” кетүүсүнө ислам тарыхында көп эле күбө болгонбуз. Ыйыкташып дегенди сыйынуучу затка айланды деп эмес, айткан нерсесинин баарын туура деп эсептөө, ал аалымга жана анын пикирлериине карата сын айткандарды бери эле дегенде “бизден эмес”, ары дегенде “чала мусулман же каапыр” деп эсептөө деп түшүнүү керек. Шейхке айланган адамдарды эң илимдүү, эң таза жана эң адептүү деп кабыл алуу исламды жамынган тоталитардык топтордун пайда болуусунун өзөгүн түзөт. Алтернативдүү пикирлерге толугу менен жабык, өзүнө айтылгандарды акыл калчоо жана сын көз караш менен кабыл алуу жөндөмүнө ээ эмес жарандардын санынын өсүүсү “шейхтердин ыйыкташуусунун” түпкүрүндө жатат. Ал эми мындай адамдардын санынын өсүүсүнө баарыбыз, коом жана мамлекет күнөөлүү. Азыркы учурда талаш-тартыш жаратып жана кооптуу маселе катары каралып жаткан “диний радикализм” делген нерсенин түбүндө “светтик” делген диний эмес билим берүүнүн жана башка социалдык көйгөйлөрдүн таасири аябай чоң.
Чубак ажынын периште эмес экенин көрсөткөн көп эле мисалга күбө болдук. Экинчи аял алуусу учурундагы биринчи аялы менен болгон чуусу, саясий системабызды, демоктратияны сындаганы менен кайра эле ошол саясий системада депутат болгусу келгени, диндин арты менен тапкан кадыр баркын соода фирмаларын жарнамалоодо колдонуусу ж.б.у.с.
Айтайын дегенибиз Чубак ажы да адам жана ал да пендечилик кылып коёру бышык. Бирок эң коркунучтуусу Чубак Жалиловдун пенде катары катачылыгынын болуусу же аны ээрчигендердин аны катасы жок адам катары кабыл алуусу эмес, Чубак ажынын өзүнө өзү суктануусу, өзүн эң билерман деп кабыл алуусу жана аны ээрчигендерге идеалдуу адам катары көрүнүүдөн тартынбоосу. Ушун күнгө чейин өзүнө узатылган миңдеген суроонун бирөөнө да “мен бул маселени билбейм”, “бул суроого жооп бере албайм”, “бул маселени ушул аалымдан сурагыла” деп айта алдыбы? Аны ыйыкташтырып жаткандарга “мен да адаммын деп” кетирген кемчилигин айтып берүүгө эрки жеттиби?
Ислам акыйкат дин жана Куран бирөө эле. Биз бул нерсеге “аманнаа ва саддакнаа” деп айтабыз. Бирок ислам дининин чечмеленүүсү ар башка болот эмеспи. Түрдүү мазхаб жана топтор, ар кыл жамаат жана агымдар дал ушул исламды чечмелөөнүн көп түрдүүлүгүнүн айынан келип чыгат. Бул жаман нерсеби? Ар түрдүү топтордун болуусу жаман же жакшы нерсе деп айта албайбыз. Брок биз бул нерсе табигый нерсе деп айта алабыз. Ал эми табигый болбогон жана исламга туура келбеген нерсе бул ошол топтордун бирин бири “каапыр” деп күнөөлөөсү, башкача айтканда такфиризм идеологиясын кармануу болуп эсептелинет.
Кыргызстанда да такфиризмди карманган бир канча топко сот тарабынан тыйуу салынган. Бирок чылгый такфиризм идеологиясына ээ болбосо да, элди “чыныгы мусулман” жана “чала мусулман” деп бөлгөн түшүнүк ээн эркин жайылып жатканы өкүндүрөт.
Исламий делип сырттан сунушталган кебете-кешпирге ээ болгон сайын өзүн нагыз мусулман сезген кээ бир жарандарыбыз өзүн мусулман деп эсептеген, бирок дин жөнүндө маалыматы аз же болбосо коомдо таңууланган мусулмандын образын (кебете-кешпирин жана дин түшүнүгүн) кармангысы келбей кантсем деп ойлонуп жүргөн мусулмандарга жогорудан карап калды. Улуттук баалуулуктарымы да карманам, мыйзамдарга да баш ийем, ошол эле убакта диними да тутунам деген жарандарыбызды “чала мусулман” катары кароо тенденциясы “чыныгы мусулмандарды” шовинисттик сезимдерге бөлөп баратканы байкалат. Болбосо ислам “мөмөлүү дарак ийилет” дегендей мусулманчылыкка сүнгүп кирген сайын адамды жаратканга карата моюн сунууга, ал эми жаратылгандарга (табиат жана адамдарга) карата жоопкерчиликке түртүш керек го. Бизде болсо ислам жолуна түштүм дегендердин кээ бирлери коомдон оолактаса (Якын-Инкар тобу сыяктуу), кээ бирлери исламды сунуштоонун ордуна өзүнүн көз карашын таңуулоодо.
Шейх атка конгон диний кызматкерлер керек болсо мамлекеттик органдарга жана саясатчыларга өзүнүн айтканын жасатыш үчүн “дин менен коркутууну” адат кылып алышты. Ал эми мамлекеттик органдар “өлсөң жаназаң окулбай калат” деген ультиматум качан эле “шайлоодо көрөсүң” деген кекетүүгө өткөнүн баамдабай калышты. Мусулмандардын укугун жана эркиндигин коргоо боюнча көйгөйлөр Кыргызстанда жокпу? Албетте бар. Бирок эч убакта исламий баалуулктар таңуулоо жолу менен элге жуккан эмес. Пайгамбар Медина шаарына келгенде жөөттөргө, христиандарга жана бутпарастарга “мусулманчлылыкты кабыл албагандар шаардан чыгып кетсин” же болбосо “биз көпчүлүкпүз, биздин айтканыбыз болот” деп айтты беле? Же шаардагы мусулман эмес элдер ультиматум жолу менен мусулман болушту беле? Албетте андай болгон эмес. Мусулмандардын адеп-ахлагын жана тазалыгын көрүү менен гана исламды кабыл алышкан. Андыктан молдолорубуз жана шейхтерибиз коом менен, эл менен, мамлекет менен болгон мамилесин, элди динге чакыруунун жолдорун кайрадан карап чыгышы керек. Дин кызматкерлерибиз “тозоко да бейишке да молдо биринчи кирет” деген сөздү эске алып, элдин динге болгон чаңкоосун менчиктештип албашы абзел. Элибиз болсо, Кудай берген жана Куранда элүүгө жакын аятта айтылган акылды колдонуу буйругуна моюн сунуп шейхтердин айтканын талдап калчаган соң гана кабыл алууга аракет жасоосу керек.
Ыйыкташтырылган шейхтерди саясий максатта колдонууну каалабаган саясатчы да аз болот. Шейхтерди саясий жарышта витринага алып чыгуудан өзүн тыйган саясатчыны Кыргызстанда издеп табуу өтө эле кыйын. Акыркы мезгилде диний лидерлерди саясий максатта колдонууну каалагандар тескерисинче колдонулуп калганын түшүнө башташкандай. Ал эми дагы деле болсо маселе канчалык кооптуу экенин түшүнбөгөн саясатчылар да аз эмес. Бирок эң коркунучтуусу элге кызмат кылуу менен шейхке кызмат кылуунун айырмасы калбай калганда башталат. Шейхтеринин айткандарын кынк этпестен аткарган жана аларды руханий лидер катары кабыл алган саясатчы жана мамлекеттик кызматкерлер пайда болууда. Ошондуктан мамлекеттин светтүүлүгү принциби жалгыз эле жоолукчан кыздардын мектепке кирип кирбөөсүнө байланыштуу эмес экенин, негизги маселе өздөрүн диндин чыныгы өкүлү катары сезген шейхтердин Ак Үйдүн жогорку кабаттарына чыгып чыкпаганына байланыштуу экенин унутпаш керек.
Жыйынтыктап айтканда диндин чыныгы өкүлүмүн деген шейхтердин ыйыкташтырылуусуна катардагы мусулмандардан тарта саясатчыларга чейинки коомдун бардык катмарындагы жарандар өз салымын кошууда. Кээ бир молдолорубуз өзүнүн популярдуулугун элдин руханий муктаждыктары менен эмес, жеке өзүнүн таланты жана жөндөмү менен гана байланыштырып жатышат. Бирок динди үйрөнөм жана динге ылайык жашайм деген жарандарыбызга айтаарыбыз, диний делген нерсе дайыма эле диний боло бербейт жана ыйык көрүнгөн нерсе дайыма эле ыйык боло бербейт. Ошондуктан бирөөнү кумир тутунуу, анын айткандарын суроо сопкуту жок кабыл алуу, жалпысынан айтканда ээрчиме болуу исламдын маңызына туура келбейт. Изденүү, ой жүгүртүү жана акыл калчоо мусулмандарды дайыма туура жолго салып келген.
Булак: Nazar News.kg