www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн жеке кызыкчылыгын мамлекеттик кызыкчылыктан жогору коерун дагы бир ирет далилдеди. Ал жеке таарынычы үчүн мамлекеттер ортосундагы мамилени да бузуп жиберүүгө даярдыгын буга чейин көргөзгөн. Айтор, А. Атамбаев өзүнүн кызыкчылыгы биринчи орунга турбай калса, анда ар кандай саясий оюндарды жасап жиберүүгө маш экенин көрсөтүп келет.
17-сентябрь күнү анын туулган күнү болду. Анын жанында сороюп жалгыз калган Фарид Ниязов 20чакты адамды 5000 сомдон «жалдап» алып келип, «Форум» имаратынын алдында А. Атамбаевди туулган күнү менен куттукташты. Алардын арасында бир дагы белгилүү саясатчыны көрүүгө мүмкүн болбоду. Көрсө, алардын баары АШАнын көңүлүн көтөрүү үчүн акчага жалданып келген адамдар экен. Алардын алдына экс-президент барды, куттуктоолорун кабыл алды. Шар учурушту.
Албетте, аны эч ким «туулган күнүңдү неге белгиледиң?» деп күнөөлөбөйт. Болгону суроо бар: Эмнеге Кыргызстандын Эгемендигинин 27 жылдыгына байланыштуу 31-августта өткөн салтанатка, андан кийин Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакыруу жолдонсо, ден соолугун шылтоолоп барбай коет дагы, 5000 сомго жалданып келген адамдардын коштоосундагы өзүнүн туулган күнүнө жадырап-жайнап жетип барат?
Же ал үчүн өлкөбүздүн башкы майрамы болгон эгемендик күнүнөн да өзүнүн туулган күнү артыкпы? Кыргызстандын кадыр-баркын көкөлөтө көтөргөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан да туулган күнүн өткөрүү кызык болдубу? Жеке кызыкчылыктын алкагынан чыга албаган адамдар гана АШАдай кадамдарды жасайт. Эгерде ал өз элинин патриоту болсо, анда кимгедир таарынычы болсо да, Эгемендик майрамына барат эле.
Булак: NazarNews.kg