www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулукта 47 жаштагы К.Е. аттуу аял күйөөсүнүн ур-токмогунан кийин каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Сокулук РИИБге Арал айылындагы үйлөрдүн биринен аял каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөндө кийин окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, сырттан кароо жүргүзүлгөн.

Кароо учурунда маркумдун денесинен көптөгөн көгала тактар жана кан уюган издер табылган.

Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала корутундусуна ылайык, К.Е.нин өлүмүнө жабык баш мээсинин жаракаты, мээнин жаракат алышы жана баштын чачы чыккан бөлүгүндө соккудан пайда болгон жаракаттар себеп болгон.

Бул кылмышка шектүү катары күйөөсү Е.Н. кармалган. Алардын окуя алдында бирге спирт ичимдиктерин ичишкени аныкталган.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары улантылууда.

Последние новости