www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түнүңүздүн бейпил болушу жана уйкуңуздун тынч болушу үчүн ыңгайлуу керебет, жумшак төшөнчү эле эмес шейшептин жагымдуу болушуда чоң мааниге ээ. Шейшеп сатып алаарда сапатына жана өңүнө өтө кылдат маани берүү керек. Себеби күндүзү жумуштан чарчап, кечинде уктаар мезгилде төшөнчүнүн шейшебинин өңү дагы сиздин көңүлүңүздү бурбай койбойт.

Тандоо

Ачык түстөгү шейшептерди пайдалансаңыз уктаар алдында маанайыңыз жакшы болуп, тынч уктайсыз жана жагымдуу маанай менен ойгоносуз. Шейшеп сатып алаарда материалына көңүл буруңуз. Ал денеге жагымдуу болуп, кычыштырбагандай болуусу шарт. Анан дагы материалы чоюлчаак эмес болуш керек, атайын жиптер менен тигишет. Ага да көңүл буруңуз. Жытына караңыз. Эгер жагымсыз жыттана турган болсо, ал шейшепти алуудан качыңыз. Анткени, бир же эки жуугандан кийин ал шейшеп формасын өзгөртүп коёт.

АК ШЕЙШЕП -тазалыктын жана аруулуктун жарчысы. Ак шейшепти жактыргандар көп урушпайт. Үйдө тынчтык болот.

КӨК ШЕЙШЕП-баштын ооруганын басып, маанайды оңдойт. Жумуштан чарчап келген учурда чарчоону унутканга жардам берет, эс алдырат.

ЖАШЫЛ ШЕЙШЕП-кан басымды түшүрүп, иммундук системаны күчтөп турат. Анан дагы витаминдүү жер жемиштерди жесеңиз, инфекциялык ооруларга каршы тура аласыз, аларды жеңүүдө жардамга келет.

СЫЯ КӨК ШЕЙШЕП - айлана-чөйрөдөгү жаман энергиядан сактайт.

Адистердин айтымдарында депрессиядан чыгууда колдонсо болот. Бирөөлөр менен урушуп же мамилеңиз келишпей, а тургай көп нерсени ойлонуп стресске кабылганда, күндө жаткан сары түстөгү шейшебиңиз көмөккө келет.

Шейшепке кандайдыр бир нерселерден улам так калып калса:

-   Өтө ысык эмес жылымылык сууга жууш керек.

-   Так болгон жерге туз сээп, кадимки перекись менен сүртсө ток жоголот.

-   Лимондун ширеси кошулгон самындуу суу менен чойкоп койсо кетип калат.

Эгер жогорудагы ыкмалар жардам бербесе, анда атайын агартуучу каражаттарды шарттары менен туура колдонуп көрүңүз.

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости