www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Партия деген бир адамдын менчиги эмес пикирлештердин уюму эмеспи. А бирок турмушта Атамбаев СДПКны качан эле менчиктеп узурпация кылып алганын убакыт далилдеп отурат. Акыркы жылдары ал партиядан каалаган адамын депутат кылып, каалаганын партиядан чыгарып көнүп алганын партия ичиндеги мүчөлөрү далай жолу какшап айтып келген. Ооз ачкан кишини басынтып, партиянын мүчөлөрү менен эсептешпей калганы да жашыруун эмес. Мүчөлөрүнө короодогу малдарга жасаган мамилени жасап алардын пикирлерин укпай, сын айткандарын дароо партиядан кубалап чыгып куугунтуктуга алганы да факт. Бир сөз менен айтканда Өмүрбек Текебаев айткандай партияны чыныгы СДПКчылар башкара албай калган.

Мисалы Сагынбек Абдрахманов СДПК партиясы түзүлгөн биринчи күндөн баштап далай жылдар бою партиянын ысык суугуна күйүп эмгектенген СДПКнын ардагери. Бирок Атамбаев аны пайдаланып туруп, өзү президент болгондо партиясынан чыгарып, Абдрахмановдун көп жылдык эмгегин көрмөксөнгө салып балта чаап салган. Атамбаевде Акматбек Келдибеков айткандай адамгерчилик деген сапаттын жоктугун ушундан эле билсе болбойбу..

Жалгыз Абдрахманов эле эмес, анын колунан запкы жеген канча саясатчы, канча журналист, канча апрель баатырлары бар. Атамбаев бийлигинен пайдаланып баарын каалагандай калчап, алаканына салып ойноп, күчтүүлөрдү тебелеп тепседи. Ошол тебелендиде калгандардын бири да Сагынбек Абдрахманов. 

Азыр Сагынбек Абдрахманов СДПКга жумшаган эмгеги үчүн күрөшүп атат десек 100 пайыз жарашат. Себеби ал партияны уурулардан тазалоого моралдык да, тарыхий да толук укугу бар. Эгер партия тазаланбаса СДПКны эл арасындагы кадыр баркы такыр түшүп калды. Ансыз да Атамбаев маал-маалы менен башаламан сүйлөп партиянын ыркын кетирип турган чак. Андыктан СДПКны сактап калуунун жалгыз жолун табуунун кажети жок, ансызда партия ыдырады. 

Баса, жакынкы күндөрү Алмазбек Атамбаев башы көрүнгөн мурдагы саясатчыны чакырып алып, "мен бийликке келбеймин, бирок "ака-үкани" бийликтен кандай жол менен болсо дагы кетирип, бийликке кайра эле түштүктөн бирөөнү алып келиш керек",  дептир. 

Кыскасы, Атамбаев кадырын салып түштүк тараптан президенттикке кадр тандап жатканын салмактуу саясатчылардан уктук. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости