www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үшүктүн жүрүшүн эсепчилер кантип байкаган

 Үшүк тууралуу байыркы эсепчилер башкача айтышкан. Мурунку кыргыздар мал багышып көчүп конуп жүрүшсө кайдагы үшүк болмок эле. Өрүк, алмаларды тим койолу же тигип койгон бир багы болбосо үшүк эмнени алмак эле. Ал кезде жазында нөшөрлөп жамгыр төгүп, борошо уруп, күндүн көзү ачылбай калганды жут дешчү. Жуттун келерин алдын –ала эсепчилердин мыктылары айта алышкан. Ушундай эсепчилердин бири Эсенбайдын айтуусу боюнча чилденин акырында 14 – февралдан баштап дагы он эки күнгө созулган “Кемпир ыйлаак” деген кургуру бар. Муну 26 -февралга чейинки убакытты “Ыйлаак кемпирдин кеткен мезгили” – дешкен. “Кемпир ыйлаак” биринчи жумада, жыла басып жумшак кирип, кар аралаш жамгырлатат. Короо — сарайга баш багып мал жанды эсептейт. Үйгө баш багып тирүү жанды эсептейт. Анан экинчи жумасынан баштап жиндеп кирет. Алай-дүлөй бороон боздоп ыйлап кар борошолотуп элдин эсин чыгарган шамалдар болот. “Кемпир ыйлаак” “Казаныңарга эле эмес этиңерге май калтырбай алам”- деп шерт кылып келет тура. Мунун түпкү маани маңызы кышка камылга көрүп жай күздө даярдан дегенде жатат. “Келерки жылда дагы келээрмин..” – деп жатпайбы.

“Кемпир ыйлаак” борошолотуп кар жаадырып, муз тоңдуруп суук кылып титиретип үшүтүп, жүдөтүп чыкса кыргыздар кубанып, “Ыйлаак кемпирдин бугу чыгып жакшы кетти. Жаз жакшы болуп үшүк жүрбөйт”- дешет. Эгер “Кемпир ыйлаак” (20 сынан 26 – февраль ичинде) борошолотуп кар жаадыра албай бугу чыкпай калса, “Силердиби. Мени кетти дебегиле 40 күндө, ары ашса 90 күндө кайра дагы кайрылам. Ошондо көрүшөбүз”- деп кекенип кетет имиш. Жанагы жазында кар жаап үшүк жүргөндү кыргыздар “Оңбогон “Кемпир ыйлаактын” бугу чыкпай калды эле. Акыры келип бугун чыгарып кетти”- дешет.

Эсенбай эсепчинин айтуусунда азыр да негизинен туура эле келет. Жылдыз санап мезгилдин тамырын кармап, кышта жаз, жайдын, жазда күздүн, жайда кыштын кандай болоорун астына ала айтып койгон ата бабабыздан калган өнөр тилекке каршы жок болуп баратат. Эсенбай эсепчинин күнүмдүк аба ырайынан баштап, төрт мезгилдин кандай болоорун так айткан өнөрү дүң болуп калың элдин учу кыйрына тарап, алыс жакындан атайлап ат арытып келип акыл сурап кетип турушчу экен. Эсенбай эсепчи менен акылдашып жерге соко салышып, жайлоого, кыштоого качан көчкүлө — десе көчүп, кышка камылга көрүп турушкан. “Кыш оор болот. Жаз кеч келет. Отун сууну кенен камдап, малга тоютту мол камдагыла”- десе айтканын аткарышкан.

Эсенбай эсепчинин айтуусу боюнча сууктун чыгышы 2-февралдан башталып, эң алгач  “Кырк кыз” кетет. Бул он эки күнгө созулуп, 2- февралдан баштап 14-февралга чейин “Кырк кыз” кете баштайт. “Кырк кыз” кетип жатканда бирде жаркырап күн тийсе бирде бүркөлүп, бирде жамгыр жааса бирде карлап, кыздардын мүнөзүндөй кылык көрсөтөт. Мындай табият кубулушун Эсенбай эсепчи: “Кырк кыз кылыктанып атат. Күн жаркырап тийип, кар ээрисе жаз келип калды дебегиле. Али көп оюндары бар бул кыздардын”- деп айткан. “Кырк кыз” чыгып жатканда кар аралаш жамгыры көп жаап, бирде күн ысып кар ээрип жаз келгендей болуп жаркыраса “Быйыл жаз эрте келет окшойт. Жаз жамгырлуу болуп жер айдоого жакшы болот көрүнөт. Жазга эрте камыналы” — деген экен жарыктык.

«Чын куранда чыңыртып кулун байланат» -дегени, бээнин тууту башталып, апрелде кымыз ичиле баштаганын экен. Апрелдин 15 жарыгы «чечек суу маалы», 15 караңгысы «жооза маалы» аталат. Анын үч жаңысында Ай менен Үркөр тогошот. Үркөр декабрдан баштап даана көрүнүп, январь, февраль, март, апрель айларында үркөр батышта жерди көздөй ылдыйлап, жакындап отуруп, апрелдин орто ченинен баштап көрүнбөй калат. Койлор жана башка төрт түлүк мал апрель, май айларында төлдөгөн. Ал кезде малды чыгашасыз багуу үчүн жаратылыштын сырларын өздөштүрүү зарылдыгы болгон. Кыргыз эсепчилеринин бири, кылымдардан бери аңыз болуп келе жаткан Эсенбай эсепчи жылдыздарга, Айга, Күнгө кылдат байкоо жүргүзүп келген. Кыргыздардын салттуу жыл санагында жылдын кайсыл мезгилинде кандай аба ырайы жана табият кубулуштары боло тургандыгы жөнүндө асмандагы жылдыздарга, айдын жаңырышына жана Ай менен Үркөр топ жылдызынын тогошуна карата божомолдогон. Бул балким апрель айында Үркөрдүн көрүнбөй калышына чейин Үркөргө карата эсептелинсе керек.

 Ал эми Үркөр апрелдин экинчи жарымы жана май айында көрүнбөй калганы менен майдын аягы, июнь айында кайра чыгат. Кыргыз элдик календары бүгүнкү күндө да өз маанисин жоготпой, эл ичинде колдонулуп келет. Эсенбай эсепчи, ал көк асмандагы жылдыздардын эсебин чыгарып, ар бир жылдыздын кандай жайгашуусу менен бул жылдын кандай болоорун алдын –ала биле турган. Ал Үркөр (Үркөрдү кыргыздар элек жылдыз деп да аташкан), Толтойдун огу, Үч аркар, Чоң Жетиген, Кичи Жетиген, Алтын казык, Сары жылдыз, Чолпон, Тараза, Балбылдак жылдыз, Саманчы жолу сыяктуу жылдыздарга карата убакытты, багытты аныктаган. Ошол кезде Эсенбай сыяктуу эсепчилер менен акылдашып жерге соко салышып, жайлоого, жаздоого качан көчкүлө — десе көчүп, жазга камылга көрүп турушкан.

«Жалган куран» деп аталганынын себеби, элик тогуздун айында жүгүрүп жана токтолот. Жалган куранда түйүлдүк анча билинбейт. Бооз - кысыры жалган, арсар чагы. Ошол себептен жалган куран дейт. Чын куранда бооз - кысыры анык болгон үчүн ал айды чын куран дейт.

Кыргыз эли байыртан ай календарынын негизинде мезгилди такташкан. Дасыккан эсепчилер жылдызга карап, жылдын кандай болорун алдын-ала билишкен. Ай календары жана мүчөлдөрдүн негизинде кыргыздардын туулган мезгилдери белгилүү болуп, паспорт сыяктуу кимдин, качан туулганын билишкен. Экинчи паспорту, албетте жети атасы болгон. Жети атасын тактап, аталары аркылуу анын ким экенин билип турушкан. Алкай турган болушса жети атасын, жети тукумун кошуп алкап, кокус каргай турган болсо, жети тукумун кошо каргап: «Тукумуң жүздөн ашпасын» - дешиптир, ушундай каргышка дуушар болгон калмактарга кыргызды талатып жиберген Кудаяндын тукуму ушу күнгө чейин жүзгө жетпей келет.

Апрель айында болгон жылуулук же үшүк жүрүүнү алдын-ала эле билип коюшкан. Булардын бары кышкы токсон менен байланыштуу. Кээ бирде апрелде, ал түгүл май ичинде кар жаап үшүк жүргөндү «Кыш кетерде келген оңбогон «Кемпир ыйлаактын» бугу чыкпай калды эле. Акыры келип бугун чыгарып кетти» - дечү тура жарыктык..

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости