www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шопоков шаарында 188 миң сом акча уурдалган факты боюнча шектүү кармалды.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери социалдык тармактарга жарыяланган видеону мониторинг учурунда аныкташкан. Анда Шопоков шаарындагы турак жайдан акча уурдалган учур тартылган.

Алдын ала маалымат боюнча, окуя 18-сентябрда саат 06:30 чамасында болгон. Белгисиз адам турак жайга кирип, 188 миң сом акчаны жашыруун алып кеткен.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Чүй ОИИББ жана Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн аныкташкан. Ал Бишкек шаарынын 29 жаштагы тургуну Ж.Т. экени маалым болду.

Шектүүгө Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык шектүү макамы берилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Соттун чечими менен ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.

Последние новости