www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир жумада 25,5 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыргызстандын аймагында 25-сентябрдан 1-октябрга чейинки аралыкта 25 миң 591 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

тиешелүү документтери жок транспорт каражатын башкаруу — 4 592;

транспорт каражатын мас абалында башкаруу — 355;

унаалардын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу — 191;

жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежелерин бузуу — 1 325;

транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу — 5 241;

автоээнбаштык — 31;

белгиленген ылдамдыктан ашыруу — 1 127;

жасалма мамлекеттик каттоо номердик белгилери менен транспорт каражатын башкаруу — 7;

жол эрежелерин бузуунун башка түрлөрү — 1 241.

Жол эрежелерин ар кандай бузгандыгы үчүн 2 591 транспорт каражаты убактылуу айып короого киргизилди.

ЖКККББ айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, жолдо этият жана жоопкерчиликтүү болууга чакырат.

Последние новости