www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кеп Салымбековдун коронавируска каршы Кытайга 50 миң бет кап бергенинде эмес, кеп эмнеге «Хоргостон» улам «Дордой» өз таасиринен ажырап бартканында. Дүйнөлүк эки держава «ШОСту» эки пикирде карайт. Москва Бээжинге коюн-колтукту ачпай, «ШОСту» НАТО сымал стратегиялык аскердик –согуштук уюм болушун самайт. Бээжин «ШОС» менен уюмга киргендер акыры Евробиримдик сымал сыяктуу чек араларын кенен ачкан, экономикалык, соода-сатык уюм болушун тилейт. «ШОСко» мүчө болгон постсоветтик мамлекеттерде мындай уюм бар. Ал Европалык Азиялык экономикалык кызматташтыгы (ЕврАзЭС). ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттер Кытайлыктар менен өтө жакындашуудан кооптонуп турушат. Кытай бийлигинде бүгүн бизге санаалаш киши отурат. Кокус АКШ да титиреп чоочуп турган Кытайда башка адам бийлик башына келип калса эмне болот?
Казакстандын чек аралары тарапта Чүй облусу тарабынан курулган логистикалык борборлор өз жемиштерин берип жатат. Бул бүгүнкү күндүн талабы. Логистикалык борбордон мурун биз Шанхай кызматташтык уюмун (ШОС) стратегиялык аскердик –согуштук уюм катары карап, чек араларды ачып жалжайбашыбыз керек. Ал эми экономика барыбызга керек. Жаманбы, жакшыбы Кытайдан товарлар келип турбаса да болбойт. Логистикалык борборлор товарлардын келип турушуна шартталган. Мурун биздин «Дордой» базары дүйнөлүк экономика менен тыгыз байланышта болуп, Кытайдан товарларды алып башка мамлекеттерге сатып турчу. Орусиядан мурун, КМШда биринчилерден болуп Кыргызстан 1998-жылдары Дүйнөлүк соода уюмуна (ВТО) мүчө болгон. Ал уюмга мүчө болгондон кийин көптөгөн ата мекендик өндүрүүчүлөрүбүз Кытайдын товарларына туруштук бере албай, банкротко учурап, экономикалык кыйынчылыктарды баштан кечирди. Мамлекетибиз импортко көмүлүп, жумушсуздуктун айынан канчалаган жараныбыз түрдүү иштер менен алек болду. Көпчүлүгүн "Дордой" базары сактап калды. Бирок ЕврАзЭСке же Бажы биримдигине өткөн соң Казакстан «Дордойдун» жолун бууп, өздөрүнүн «Хоргосунун» дарбазасын кенен ачкан. Логистикалык борборду салдыруу учурдун талабы. Логистикалык борбор керек. Эми да эгерде логистикалык борбор салынбай калса анда кытайлар айланып казак туугандар аркылуу дүйнөгө чыгып кете берет. Биз анда экономикалык блокадада кала беребиз.
Ат-Башы алты ай суук, жумушчулар жашаганга ылайыксыз, көптөгөн жылуу тамдарды салыш керек, электроэнергия жетишсиз, индустрия кесибинде иштегендер жок, тыштан баргандарга квартиралар да жок, цивилизациядан алыс, темир жол да жок. Ошондуктан Ат-Башыга «перевалочный база» курса болот. Кытай фуралары жүгүн ошол жерден түшүрүп кайра артка кеткенге. Андан беркиси жүктү кыргыз фуралары ташышса, жумуш орундары да көбөйөт. Кытайлыктар оор жүк ташычуу унаалары менен биздин жолдору аяшпай, тамтыгын чыгарып кетип жатат.
Кыргызстанга логистикалык борбор куруу бүгүнкү күндүн талабы. Бирок, кандай логистикалык борбор куруу керек деген маселе да бар. Бул долбоорго 280 млн АКШ долларын салып жаткан инвестор «Нарын» Эркин экономикалык аймагынын субъекти болуп эсептелет, андыктан ал тиешелүү мыйзамдын негизинде иш алып барам деп чамгарактап жатат.Кыргызстанга башка өлкөнүн каражатына эмес, өзүбүздүн каражатка курула турган логистикалык борбор керек. Кытай компаниясынын жетекчиси куруп берем деген логистикалык борборду Кыргызстандын бизнесмендери деле кура алат. Бул долбоорду ишке ашырууга бизнесмендер эле эмес, бир эле чиновниктин кудурети жетет деп ойлойм. Ошон үчүн Кытайларга жөнү жок карыз боло бербей эле өзүбүз деле куруунун жолун тапсак болот. Бир кытай ишкер Ат-Башынын талаасына акчасын неге сапырат? Башка акча салып иштете турчу жер калбай калыптырбы? Же чындап ошончо пайдалуу долбоор болсо эмнеге кытайдан башкасы инвестиция кылбайт? Башкасын кой, аркандын аркы учунда акча болсо Нарындык байлар чогулуп же бири кредит ала койуп салып коймок да. Демек пайдасы жок. Кытайдын го максаты да, пайдасы да билинип турат, эптеп шаарча салып «china town» (чайн таун) кылгысы бар, бир Нарын элинчелик кытайды тез эле батырып коюшат аларың. Кыргызды жолотпойт, жолойм деген күнү да ал жерден өзүң качасың, курт-кумурска жеген сасыктар менен ким коңшу болуп жашагысы келсин?
Убакыт өтөт, шаарча курулат, ал жер кытайга толот. Бара-бара биздин малчылардын малы жоголо баштайт, эшегинен бери. Анысы аз келгенсип аңги кытайларың ылдый айылдын кыздарына көз арта башташат. Эл дүрбүйт, шаарчага барып кытайларга кол салат. Араң турган Кытай өкмөтү элин коргобой эмне болуптур?! Кытайлар толуп кеткен Ат-Башынын Крым кейпин кийбешине ким кепилдик бере алат. Келечекти да ойлош керек, же эмне Кыргызстан үчүн орустар туруп береби? Керек болсо казактар деле баштары төө куштай болуп чөлгө катышат. Экинчи жагы да бар - коркунучтуу жагы. Кытайда сөз бар имиш; эң мыкты колбашчы он согуштун оноону жеңген эмес, бирөөнү согушпай жеңген колбашчы дешет экен. Аны сыңарындай, булардын тыңчылары жер-жерлерде катуу иштеп аткандай сезилет. Азыр психологиялык жактан даярдалып жаткандайбыз. Кийин Кытай кирип келсе, алар ансыз деле эле келишмек деп туруп берерибиз эле калат. Кыскасы, кытайларга себеп бербешибиз керек, эл шайлаган бийлик эл менен, эл дагы провокацияларга алдырып ашыкча ашып ташпашы керек. Андан көрө тытынып иштеп, Кытайдан карыз албай, Кытайга жерлерди иштет деп берип салбай, Кытай менен коңшу өлкө катары дипломатиялык алака түзүп, соода-сатыгыбызды кылып түз мамиледе болгонубуз оң.
Логистикалык борбор куруу үчүн кытайлыктардын запкысын көрүшкөн уйгурлардын Ат-Башыдагы 0,1 пайыз кандаштары көтөрүп жатат. Ат-башылыктар жайыт калбай калды, дешет 200 гектар жер Ат-Башыдан Торугартка чейин жатат, жер кенен эле, логистикалык борбор менен Индустриялык зонаны Балыкчы шаарынын Кочкор тарабындагы ээн жерге салса болот. Индустияалдык зонага мыкты шарт түзүп экспорттук максаты бар Кытайдын ТНК (транснационалдык) компанияларын келтириш керек. Балыкчы «тогуз жолдун тоому», өнөр-жай жумушчулары көп, сырттан да көп жумушчулар келмек, темир жол бар, электроэнергия жетиштүү. Бир талап коюшубуз керек. Эгерде Кытай тарап кура турган болсо, Кытайдын жумушчуларына виза берип иштетпей, өзүбүздүн жумушчуларды иштетсек туура болмок. Иши жок кыргызстандыктар кытайлыктардан кем эмес иштешет. Бул жерде эл аралык дипломатияны колдонуп, Кыргызстан чакан мамлекет, биздин эл жумуш жок Орусияга, Европага чыгып кетип жатат, жумуш жок, эл кыйналууда. Ошондуктан куруу ишин кыргыз жумушчулар кылсын, кытай адистерди биртке мөөнөт менен бергиле, кыргыз адистер бат эле үйрөнөт, деп сөзгө көндүрүү керек. Мөөнөтү бүткөндөн кийин кытай адистерин да чыгарып жиберсе эл да ыраазы, кыргыз жумушчулар да иш менен камсыз болот. Логистикалык борбор бүткөн соң кой багып, уй багып жүрө бербей 15 миң иш оруну болот. 10 миң иш орун дейличи орточо эсептегенде 15 миң сом айлык акысы менен, ошондо эле ай сайын 150 млн сом бөлүнөт экен. Бул жаман эмес да. 17 жылдан бери ушул аймакка борбор курулат деген сөз болуп келүүдө, бирок азыркыга чейин бул сөз ишке ашырыла элек. Болбосо өлкөгө олуттуу пайда алып келет эле.
Логистикалык борбордун салынышы менен республиканын ар бир аймагыгын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жакшырат. Логистикалык борборду куруу - аймактардын өнүгүшүнө, инвестицияларды тартууга, өндүрүштү түзүүгө, транспорттук инфраструктураны оңдоого, туризм жана санаториялык чөйрөнү жакшыртууга түрткү болмок. Бирок, өлкөбүздөгү кырдаалды эске алганда, Кыргыз мамлекети мындай ири долбоорлорду Кытай менен ишке ашырууга жана Кыргызстандын пайдасына иштетүүгө даяр эмес. Анын бир канча себептери бар:
Биринчиси, мамлекетибизде долбоорду ишке ашырууда толук жоопкерчиликти бир адам мойнуна алыш керек. Азыр андай жоопкерчиликти эч ким албайт, алгысы да келбейт.
Экинчиси, кытай тилин билген инженер, куруучу, баалоочу жана башка адистер жетишпейт. Ал турсун аталган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин мамлекеттик кызматкерлери иштеп чыга албагандыктан, жеке секторлорго кайрылып, кымбат баага түздүрүшөт. Ал долбоор узак мөөнөттүү камтыгандыктан, мамлекеттик кызматтагы адистери өзүлөрү иштеп чыгуусу зарыл. Себеби, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин кымбат баага түзүп берген адистер дароо акчасын алат да, ошол бойдон жок болушат.
Үчүнчүсү, Ат-Башыга курула турган логистикалык борбордун пайдасынан зыяны көп, бул тууралуу айтылды. Логистикалык борбор курабыз деп, ата мекендик өндүрүшчүлөрүбүздү, рыногубузду жоготуп алышыбыз да мүмкүн. Себеби, Кыргызстанда майда өндүрүш көйгөйү, экспортко чыгуу мүмкүнчүлүгү чектелүү. Эң өкүнүчтүүсү, финансы министрлиги логистикалык борборду куруунун негизги максаты “чет өлкөдөн келген импорт товарларды ылдам жана тез арада бажы процедуралардан өткөрүү инфраструктурасын жолго салуу» - деди. Демек, анын айтканына таянсак, мамлекет Кыргызстандын рыногун кытай товарлары басып кетүүсүнө өбөлгө түзүп жаткандай иш башталганын каңкуулайт.
Негизи мамлекетте болуп жаткан контрабандалык системаларды да эске алсак ашыкча болбойт. Кыргыз эли логистикалык борбордон дале кооптонуп жатышат. Логистикалык борбор аркылуу Кыргызстандагы болгон кен байлыктарыбызды контрабандалык жол менен тарттырып жибербейли деп кооптонушууда. Себеби, Кыргызстанда 2000 ден ашык кен казуу боюнча лицензиянын көпчүлүгү кытай компанияларына таандык. Ошондуктан, мамлекетке инвестиция тартуу керек десе, инвестор аттуунун баарын киргизе бербей алгач инвестордун пайда – зыянын талдап, алдыңкы технологияларга ээ болгонун жана тажрыйбасын эл менен бөлүшө ала турганын гана Кыргызстанга киргизишибиз керек.
Калкынын саны бир жарым миллиардка чукулдап калган Кытайдын эң негизги саясаты элинин санын кыскартуу болгону баарыбызга маалым. Адегенде бир үй-бүлөдө - бир бала саясатын бычып көрүштү, болгон жок, анткени, көбү кыз бала каалабай боюнда бар кезинде алдырып, эркек болсо калтырып жатышып эркектердин саны көбөйө баштады. Алардын бул саясаты гендердик теңчиликке залакасын тийгизди. Айла жоктон эки балага уруксат беришти. Эми бул темп менен кете беришсе жакын арада калкынын саны эки миллиардга чыгат дегендик. Кытай үчүн эң чоң көйгөй элинин санынын көптүгү болуп калды. Элин кырып сала албайт, акылга туура келгени элин «экспорттошу» керек. Ички көйгөйүн тышкы саясаты менен чечүүдөн башка жолу жок көрүнөт. Акыркы жылдары дүйнөнүн булуң-бурчуна инвестиция кылмыш болуп акырындык менен кытайларды сыртка чыгарып жатышат. Ал тургай чет жерде бизнес кылган же кыла турчу жарандарына пайызсыз кредит берилет деген имиштер да бар. Мунусуна да мейли, алар деле көйгөйүн чечип алайын деп жүрүшөт чыгар. Биз кытайга теңеше албайбыз, биз эмес АКШ чоочуп турат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg