www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Шухрат Маматалиевич, акыркы кездерде товарлардын кээ бир түрлөрүнө баалар өскөнү байкалууда. Мунун себеби эмнеден?

- Товарлардын баасы сезонго, инфляцияга жараша кээде кымбаттап, кээде арзандап турат. Биз базар экономикасынын шартында жашап жатабыз да. Акыркы кездерде көмүрдүн баасы бир аз кымбаттады. Мунун себеби, кар жаап, көмүр ташыган унаалардын чыгымдары көбөйдү. Ундун баасы да бир аз өстү. Анткени, бизде өндүрүлгөн буудайдын көлөмү өзүбүздү толук камсыздаганга жетишсиз. Жетпеген бөлүгүн Казакстандан алабыз.

Казакстандын өзүндө болсо быйыл түшүм азыраак жыйналып, акыркы айларда буудайдын, нандын баасы жогорулады. Бизге да ошонун таасири тийүүдө. Мындан тышкары, картошканын, эттин баасы өткөн жылдагыга караганда бир аз кымбат болууда. Биздин дыйкандар өздөрүнүн чыгымдарын эсептеп, ушундай бааларды коюп жатышса керек. Базарда товардын көлөмү көбөйсө, албетте, баалар арзандай баштайт. Эгер бир айдын ичинде баалар 20 пайыздан жогорулап кетсе, ошол учурда мамлекеттик жөнгө салуу ыкмасы колдонулат.

- Анда сиздер азырынча кийлигишпейт турбайсыздарбы?

- Ооба, кийлигишпейбиз. Бирок, күнүмдүк мониторингди жүргүзүп жатабыз. Баалар кескин өсчү болсо, тийешелүү чараларды көрөбүз, - деп билдирди Ш.Сабиров "АЗИЯnews" гезитине берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости