www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Швецияда ЙПГ/ПКК жикчил террордук уюмдун жактоочусу, көз карандысыз депутат Амине Какабавех Швеция, Финляндия жана Түркиянын ортосундагы үч тараптуу меморандумга карата мамилесинен улам Швециянын тышкы иштер министри Анн Линдеге каршы кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу trt.net жазып чыкты.
Какабавех Швеция, Финляндия жана Түркиянын ортосунда өткөн аптада Испанияда өткөн НАТО саммитинин алдында түзүлгөн үч тараптуу меморандумдун «мыйзамсыз» экендигин жана тышкы иштер министри Линденин ыйгарым укуктарын бузгандыгы үчүн кылмыш ишин козгоду.
Кабарда Швециянын Түркияга курал экспорттоо убадасынан тынчсыздангандыгы белгиленген Какабавехтин Швециянын кылмышкерлерди Түркияга өткөрүп берери жөнүндөгү беренелердин да текшерилишин каалаганы билдирилди.
Булак: NazarNews.kg