www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-премьер-министр Эдил Байсаловдун зордукталган 13 жаштагы кыз тууралуу «Твиттерде» жазган пикири коомчулукта талкуу жаратууда. Алсак, социалдык тармактын колдонуучуларынын бири окуя тууралуу окугандын өзү канчалык сыздатаарлык экенин жазган. Ал колдонуучуга Байсалов: "муну жазып, сыздоону андан ары жайылтуунун эмне кереги бар?" - деген жооп калтырган.

Интернет-колдонуучулар Байсаловдун жазганын бөлүшүп, социалдык тармакта вице-премьер-министр кызматындагы адамдын мындай жообу кечирилгис экенин белгилешүүдө. Азырынча Эдил Байсалов мындай пикири тууралуу түшүндүрмө бере элек.

Буга чейин депутат Дастан Бекешев 13 жашар кызды зордуктаган милиция кызматкерлери жана башка кылмышкерлер эң катаал жазага тартылышы керектигин билдирген.

Эскерте кетсек, 13 жаштагы кыз милиция кызматкерлери тарабынан зордукталганы тууралуу маалымат алгач социалдык тармактарда тараган. Андан соң бул кылмышка шектелип эки милиция кызматкери жана бир жаран кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости