www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-июлда "Кумтөр голд компани" ЖАК (КГК) Бишкек шаарынын борборунда Панфилов, 178 көчөсүндө жайгашкан жаңы кеңсеге көчүп жаткандыгы тууралуу кабарлаган. Бул көрүнүштү көпчүлүк талкууга алып, ал тургай президент Садыр Жапаров жогорку маалымат тууралуу кабардар эмес экендигин айтып коомчулукка өзү кошулуп таң калган эле. 

Бул көрүнүшкө журналист Алмаз Темирбек:

-- Бөлтүрүк мырза жаңы кирген офисине айына 1 квм 17 доллардан, 5000 квадратка, 5000*17= 85 000 АКШ доллар төлөйт. Сомго айлантсак, бүгүнкү курс менен алганда 6 млн. 970 миң сом болот. Бир жылга 1 млн. 20 миң доллар, сом менен алганда 83 млн. 640 миң болот.

Элестеткиле эми бул болгону ижара акысы эле. Коммуналдык кызматтардын акысын кошкондо 5 миң квадрат метрге бир жылга дагы канча миллион чыгат! Ошондо, жалпы бир жылда бери жагы 100 млн.сом Тенгиз Бөлтүрүктүн комфорт иш орду үчүн сарпталып жатат.

Мына "Кумтөрдүн" акчасы кайда кетип жатат?

Буга чейин Кумтөр мамлекеттик "Учкун" ишканасынын 5 этажын ижарага алып, айына болгону 2 млн. сом (жаңылбасам) ижара акысын төлөчү экен. Бир жылга. 24 млн сом.

Эми болсо Тенгиз Бөлтүрүк мамлекеттик ишкананы ижара акысынан куржалак калтырып, жеке менчик офиске эле "Учкунга" төлөп келген бир жылдык ижара акысын 3 айда эле берип жатат. Бир жылда дээрлик 100 млн сом сарптайт экен. Мына президент айткан эконом...-деди. 

Белгилүү журналист Семетей Талас уулу:

--Тоо-кен тармагы боюнча келген инвесторлор "Эркиндик" гүлбагында жайгашкан Мамгеология агенттигинин эски имаратына барып эле жүрүшөт. Иштей турганы имаратка карабай эле, келишим түзүп иштеп кетишти. А мобу Бөлтүрүктүн эң кымбат офисте олтурганы элдин акчасын чачканы.

Чыныгы инвесторлор стабилдүү, бийлик башындагылары айткан сөзүнө турган, ар кандай проекттилерге откат сурабай, тескеринче жардам берип, шарт түзүп берген жерлерге келишет. Аларга Бөлтүрүк отурган офистин кымбат, арзаны маанилүү эмес. Аларга салган инвестициясынын эртеңи, ийгиликтүү иштеп кетиши маанилүү. Килейген Президент тээ эски Өкмөт үйүндө отурат. ФУГИде каралбай жаткан, арендага берсе эч ким албай жаткан имараттар көп.

Азырынча, ошол жакта олтура турсун бир жылдай. Аңгыча жаңы имараты салынып калар. Дал учурда 1 жылдык ижара акысы 1 миллион доллардан ашат. 1 миллион долларга 5 кабат, заманбап офис, эмереги менен кошо салса болот. Себеби, жер мамлекеттен бекер берилип жатат, - дейт. 

Эске сала кетсек, "Кумтөр голд компани" ЖАК (КГК) жаңы кеңсеге көчүп жаткандыгы тууралуу төмөндөгүдөй маалымат билдирген. 

Компания жалпы аянты 5000  чарчы метр «А» классындагы кеңсени ижарага алуу боюнча келишим түздү. Жаңы кеңседе 2021-жылдын декабрында түзүлгөн жана «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын тышкы менеджери болуп саналган «Улуу Көчмөндөр Мурасы» (Холдинг) Улуттук холдинг компаниясынын түзүмдөрү да жайгашат.

Кеңсени көчүрүү бардык бөлүмдөрдү бир жерге бириктирүү чечимине, өндүрүштүк-чарбалык иштерди кеңейтүүгө, жогорку квалификациялуу адистерди тартууга байланыштуу кошумча жумуш орундарын түзүүгө, келген меймандар жана кызматкерлер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү саясаты,  ошондой эле бөлүмдөр арасындагы функционалдык жана технологиялык байланышты туура уюштурууга байланыштуу болуп саналат. Компания Ибраимов, 24 көчөсүндөгү «Учкун» ААКтын имаратындагы мурунку кеңседе 25 жыл иштеди. Бул убакыт аралыгында кеңсе мейкиндигин түзүү менен бирге жумушчу мейкиндигине карата талаптар да өзгөрдү.

«Учкундун» имаратындагы кеңселер 70-жылдары советтик “кабинет” системасы боюнча долбоорлонуп, учурдагы эл аралык стандарттарга жооп бербейт, имараттын эскилиги жеткендиктен жумуш процессине түздөн-түз таасирин тийгизген жылуулук, электр энергиясындагы үзгүлтүктөр, вентиляциялык системанын жоктугуна байланыштуу чарбалык мүнөздөгү көйгөйлөр топтолуп турган. Ижарага алынган жайдын инфраструктурасы ыңгайсыз, имаратта эки гана лифт бар, анын биринин мезгил-мезгили менен өчүп калуусу лифтке узун кезекти жаратып, Компаниянын кызматкерлери жана меймандары жогорку кабаттарга (10-кабатка, 14-кабатка) тепкич менен чыгууга аргасыз. Өз кезегинде Компанияга лифттерди өз эсебинен алмаштырууга туура келген.

КГК менен Холдингдин жаңы кызматкерлерин жайгаштыруу маселеси да курч болду. Ошентип, мурунку ижарага берүүчү кошумча кеңсе аянты менен камсыздай албагандыктан жана мезгил талабына жана Компаниянын керектөөсүнө ылайык кызмат көрсөтө албагандыктан көчүү темасы чыкты.

Заманбап кеңсе кандай болушу жана кандай иштеши керек деген бардык талаптарга «Кумтөрдүн» жаңы кеңсеси толугу менен жооп берет.

Жаңы кеңсе КГК менен Холдингдин долбоорлорунун керектүү сандагы кызматкерлерин жайгаштыра алат.

Компания алдын ала чоң иш жүргүзүп Бишкек шаарындагы жаңы кеңселердин ар кандай варианттарын караштырып чыкты. Бирок алардын баары көп параметрлер боюнча талаптарга жооп берген эмес (жайгашкан жеринин ыңгайсыздыгы, жер астындагы жана жер үстүндөгү унаа токтотуучу жайлардын жоктугу, аянттын жетишсиздиги, коопсуздук эрежелерине туура келбеген имараттар ж.б.).

Жаңы  кеңсенин ижара акысы адекваттуу орточо рыноктук баа менен шартталган. Ал Холдингдин макамын көрсөтүп, анын имиджине таасир этет, жолугушууларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө, инвесторлорду жана потенциалдуу өнөктөштөрдү кабыл алууга мүмкүндүк берет.

“Улуу Көчмөндөр Мурасы” Улуттук холдинги өлкөдөгү жаңы кендерди иштетет, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырат. Учурда КГКнын Бишкектеги кеңсесинде 345 адам иштейт. Холдинг тарабынан тоо-кен өндүрүш долбоорлору боюнча 50-70  адисти, суу энергетикалдык долбоорлор боюнча 30-40 адисти, ошондой эле инфраструктуралык долбоорлор үчүн 40тан ашык адисти тартуу пландалып жатат. Баардыгы болуп 500 гө жакын кызматкер жаңы кеңсеге көчүп келди.

Бишкектеги жаңы кеңсе – КГК менен Холдингдин алдыда ондогон жылдарга созула турган узак мөөнөттүү ишмердүүлүгүнүн түздөн-түз далили.  Кеңсени көчүрүү – Компаниянын өнүктүрүү концепциясынын бир бөлүгү болуп эсептелет.  Кыргыз Республикасын өнүктүрүү боюнча келечектүү стратегиялык пландарыбызды ишке ашыруу үчүн мындай ыңгайлуу шарт сөзсүз керек, деген маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын түштүк-чыгышында, Тянь-Шандын асман тиреген бийик тоолорунда, мөңгүлөрдүн дээрлик этегинде республиканын экономикасынын башкы тирөөчтөрүнүн бири – «Кумтөр» уникалдуу алтын өндүрүүчү ишканасы жайгашкан. Кыргыз Республикасындагы “Кумтөр” кени Борбордук Азияда эң ири алтын кенинин бири болгону менен Кыргызстанга көрүнүктүү пайдасы тийип, оорун опуруп, же жеңилин жепире элек. 

Учурда КГКнын тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости