www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-майда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана анын жубайы Пэн Лиюан Кытай-Борбор Азия саммитине катыша турган Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн президенттерин сый тамакта тосуп алышат. Ал эми андан кийин Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнөрпоздорунун аткаруусундагы гала-концерт болот. Бул тууралуу NazarNews маалыматтык агенттигине кытайлык CCTV plus агенттиги билдирди.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров кечээ, 17-майда Кытай Эл Республикасына мамлекеттик иш сапар менен келген.

Бүгүн, 18-майда Садыр Жапаров КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Андан тышкары мамлекет башчы Жапаров «Борбор Азия-Кытай» саммитинин ишине катышат, ошондой эле КЭР Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян, Кытай Элдик Саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин менен жолугушуулар жана башка расмий иш-чаралар пландалууда.

Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын иш-чаралары Кытайдын үч шаарында - Сиань, Пекин, Цзинань шаарларында өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости