www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакыныңдын өмүрүн сактап калуу үчүн эмне деген кадамдарга барбайсың. Тагдырдын соккусуна кабылган 28 жаштагы айым айласын таппай турган чак. Ал өзүнүн окуясын төмөнкүчө жарыя кылган.

"Жашым 28де турмушка чыга элекмин. Турмуш шартка байланыштуу күйөөгө чыкпай жүрдүм апама жана бир туугандарыма жардам берип. 18 жаштагы сиңдим бар эки бөйрөгү иштебей калды. Учурда даарыланып жүрөт. Аны даарылаш үчүн чоң суммадагы акча керек экен. Ошого байланыштуу бир кытай жигитине турмушка чыксамбы деп турам. Акчага байланыштуу тийүүгө мажбурмун. 3 миллион калың берем дейт. Кытайга тийип өкүнүп калбаймбы? Бала жакпаса да, сиңдимдин өмүрү үчүн тийишим керек"- дегендей өңүттө билдирүү калтырган инстаграмдагы тайпалардын биринде аты жөнүн ачык жазбаган окурман кыздын каты талкууга түштү.  

"Анти кытай" деген ураан менен кытайларды жектеп, кытайга тийгендерди ар кандай жаман сөздөр менен айтып чыгышкандарга медалдын экинчи бетин да көрсөтүп койууну туура көрдүк. Кээ бир кыздарыбыз жарыбаган акча үчүн турмушун бузуп алып жатышат.

Бул кыздын тагдыры көпчүлүктү кайдыгер калтырбай, мээримдүү адамдар жардам берип жашоосу башка нукта өнүгүп кетээрине ишене аласыздарбы окурман?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости