www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги экс-депутат, V чакырылыштын вице спикери Надира Нарматовага байланышып, президент ырайым берүүнү эртелетпесе, саясий абал курчуп кетпейби деген суроо салдык
-Мурдагы бийликтин убагында түрдүү негиздер менен ойго келбеген жагдайларда токулуп, камакка алынган Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Карганбек Самаков, Бекболот Талгарбеков жана анын командасын ошондой эле, саясий негиз менен камакка алынган азаматтардын баарына президент бир мезгилде саясий чечим менен беренелерин аныктап туруп, ырайым берсе чоң упайга ээ болмок. Ошондой эле адилеттүүлүккө , мыйзамдуулукка чоң жол ачып бермек.
Анткени, саясый чечим чыгаруунун бирден бир негизги себеби мурдагы бийликтин кетирген кемчилиги болмок. Ошол катачылыкты мойнуна коюп, саясий туткундардын баарын чыгарып, элдин суроо талабын эске алып, аларды эркиндикке чыгарса, чыныгы элдик Президент болмок.
-Президент элдик президент боло турган чечкиндүү кадамдарга бара алабы?
-Андай кадамга барса болот. Ал үчүн президентке чечкиндүүлүк жана саясий эрк гана керек. Ал кадамга барар барбасы президенттин саясый эркине, жана көрөгөчтүгүнө байланыштуу болот. Мен ошондой эрдик кылышын жок жерден камалгандар эркиндикке чыгышына шарт түзүлүшүн каалаар элем. Мунапыс маеслеси көтөрүлүп жаткандыктан президент аларга кайдыгер карабайт, алардын эркиндикке чыгышына жол ачат деп үмүт кылам.
Булак: NazarNews.kg