www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакынкы аралыкта Өзбекстандын борбору Ташкентте Эл аралык көк бөрү федерациясынын конгресси өтүп, ага Кыргызстандан саясаттан ик-жиксиз жоголуп кеткен Болот Шер менен Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов катышып келди.
Конгресске Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Россиянын субъектилери, Монголия, Афганистан, АКШ жана Түркия мамлекеттеринен өкүлдөр катышкан. Отурумда атайын көк бөрү оюнунун эрежелери такталып, көк бөрүнү тайказан менен же тайказансыз ойноо боюнча маселе каралып, аталган оюнду тайказан менен ойноо эл аралык эреже бойдон калган.
Аталган конгресе катышкан Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов:
--Өзбекстандын борбору Ташкентте Эл аралык көк бөрү федерациясынын конгресси өттү. Биз эң чоң жетишкендикке жеттик. Эми мындан ары Көк бөрүнү тайказан менен ойнойт. Биздин эң чоң кубанчыбыз Кыргызстанда ойнолуп жаткан көкбөрүнүн эрежеси эл аралык эреже боюнча сакталып, Кудай буюрса, көкбөрү ойноло турган аянттын өчөмү менен тайказан ошол боюнча калды. Мындан ары да биздин көк бөрүчүлөр өлкөнүн атын чыгаргана аракет жасайбыз, – деди.
Белгилей кетсек, өткөн жылы казак боордоштор Көчмөндөр оюунунда “көк бөрүнү тайказансыз ойнойбуз” деп, ызы-чуу чыгарганы эсибизде. Мындай талаш-тартыштан кийин боордоштор ат жалынын моюнга байлап, тизгинин артка тартып кеткени жалпыга маалым.
Булак: NazarNews.kg