www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык МАИсинин СМЭУ башкармалыгына (Специализированное монтажно-эксплуатационное управление) көз салган бирөө жарым барбы деген суроо туулат? Бул башкармалык шаардын ичиндеги светофорлорду оңдоп-түздөө богонча иш жүргүзөт, Анчейин элге билине бербегени менен эң коррупциялашкан жана абдан майлуу-сүттүу кызмат болуп эсептелет. Бизди кызыктырган маселе, аталган башкармалыктын башчысы Турусбек Түмөнбаев 80 миң сом, башкы инженер Оруч Нифтуллаев 80 миң сом, башкы бухгалтер Кенжегүл Байсабаева 70 миң сом айлык акы алышат экен. Андан сырткары чай-пулу деген сыяктуу майда-чүйдө акчалар тынымсыз түшүп тураары белгилүү.
Ии баса, шаар МАИ башчысы Шайырбек Бопонов да булар менен табакташ дешет. ИИМ министрлигинин жетекчилери бул тармакка көз салып, сол чөнтөккө кетип жаткан каражаттардын каналын бууп койсо жакшы болоор эле. Айлык акысы ченемден чыгып кеткен эмеспи, бул боюнча так маалымат беришет деген ойдобуз. Өмүр бою мугалимдик, дарыгерлик кесип менен алектенгендер эшектей иштеп тапкан акчасы араң дегенде 15-20га жетет эмеспи, анан эч нерсе кылбай эле 70-80 миң сом айлык алган ашыкча го...
Булак: "Ачык саясат"