www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Коопсуз шаар» долбоорунун негизинде Бишкек шаарында видео байкагычтар орнотулуп жатат. Ал боюнча атайын МАИ кызматында мониторинг жүргүзүү кызматы ачылган. Эми ошол жооптуу кызматгы жол эрежесин билбеген, айдоочулук күбөлүгү жок, жол эрежелери боюнча билими жок эле бирөөнү Гүлмира Баратова деген аялды жетектетип коюшканын кандай тушүнсөк болот? Жол эрежеси боюнча түшүнүгү жок Баратова айдоочулардын жол эрежени бузганын же бузбаганын кантип талдай алат? Билими жок неме карапайым элди шорлотуп жаткан жокпу?
ИИМ министри Кашкар Жунушалиевдин бул боюнча маалыматы барбы? Эгер бар болсо мынчалык пастыкка кантип жол берип жатат? Баратова өзү жол коопсуздугу боюнча адис болбой туруп, кантип айдоочуларга айып пул салдырат? Сабатсыздыктын да чеги болот эмеспи. Же эмне Саркуловго таянып алып Баратова өз билгенин жасай берсе болобу? Эреже боюнча жетекчинин айдоочулук күбөлүгү, жол эрежелери боюнча атайын билими болуш керек го. Жооп күтөбүз...
Булак: "Ачык саясат"