www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кызыл чатырчандар" партиясы...

«Ата-Мекен» партиясы мындан бир ай мурда, «23-апрелде алты миң адам жыйнап, Текебаевди соттон актап чыгаруусун талап кылабыз» -деп жар салышкан. Түрмөдө жаткан Садыр Жапаровдун тарапташтарын кошкондо араңдан зорго миңге жеткен адам чогулду. Чогулганы курусун баарына кызыл чатыр (зонтик) таратышып, «Кызыл чатырчандар» партиясы аталып калышты. Артык кылабыз деп, тыртык кылып алышкан атамекенчилердин армандары аттын башындай болуп турган чагы.

Кызыл чатырлардын да өзүнчө тарыхы бар. Кызыл түстөгү кол чатырлар дүйнөдө жыныстык кулчулуктун (секс рабство) символу болуп саналат. Анткени, Италияда 2001-жылы адам укугун бузуу, полиция, сутенёр, кардарлар жана эки жүздүу коом тарабынан секс кызматсчыларына карата зордук-зомбулуктан коргонуу үчүн, жыныстык басмырлоого каршы сойкулар кызыл чатыр көтөрүп, нааразычылык акциясына чыгышкан. Ошондон улам, кызыл чатыр жыныстык кулчулуктун символу болуп аталып калган. Мындай иш-чаралар "павильон проститутки" аты менен коомдук жайларда уюштурулуп тураары белгилүү.

Ал эми кечээ партия мүчөлөрү, депутаттар, ошол эле кызыл чатырларды көтөрүп, камакта жаткан партия лидери Өмүрбек Текебаевдин акталып чыгышын талап кылып, Жогорку соттун алдында митинг жасашты. Мындан улам коомчулук, бул митингди, кудум эле Италиядагы жыныстык кулчулукка каршы чыккан сойкулардын нааразычылык акциясына окшошуп жатканын социалдык тармактарга жазып чыгышты. Эми Текебаевди "кызыл чатырчандардын" лидери - деп калат окшойбуз...

Булак: "Ачык саясат" 

 

Последние новости