www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында Айлана - чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы боюнча мамлекеттик агенттикте бир нече жылдан бери уланып келаткан башаламандыктар туурасында КРнын Коопсуздук кеңешининин жумушчу тобунун кароосуна алынды. Топ президентке бул мекеменин жетекчилигин толук алмаштыруу сунушун киргизди.

Аталган Мамагенттиктин директору Абдыкалык Рустамовду тоо - кен компаниялардын жетекчилери Чапаев деп коюшат. Бул жарандык согуштун баатыры, кийинчерек атактуу тасмадагы даңктуу кол башчы эмеспи. Рустамовду өзүнүн революциялык ураандарына жамынып алып (Апрель окуяларынын активдүү катышуучусу), бирок иштин көзүн абдан начар билгендигинен улам ушундай ылакап атка кондурушкан. Айтор, кылычты онду солду шилтегенди гана билет дегендей кеп, Эми ылакап ат бергендер эмне айтып жаткандарын жакшы билишет, анткени алардын долбоорлоруна макулдук берип турган Агенттик болгон соң, Рустамов менен бат-баттан көрүшүп турушат эмеспи.

Мындай мекемедеги директордук орду абдан майлуу-сүттүү, анткени ири чет өлкөлүк гранттар ушул мекеме аркылуу өтүп турганынан тартып, кызыл китепке кирген жаныбарларды «илимий максаттарда» атып турууга уруксат бергенге чейин тескеп турат. Бирок бул жолкусунда Коопсуздук кеңеши мындай иштердин бир четин гана көтөрдү. Маселен, Айлана - чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлеринин ат тезегин кургатпай, чет элдик иш сапарларга чыгып турушу ойдогудай натыйжа бербей жатканы айтылды. «Иш сапарлар талдоого алынбайт, алардын натыйжалары пайдаланылбайт. Иш сапарлардын чыгымдарына бөлүнгөн бюджеттик жана донорлук акча каражаттары негизсиз сарпталууда. Чет өлкөгө мурда барган кызматкерлер улам бара берет, кээде гана мекемеден компетенттүүлүгү жок, аткарган милдети боюнча пландаштырылган иш сапарлардын тематикалары менен кез келбеген кызмат адамдарды жөнөтүлөт», - деп айтылды Коопсуздук кеңешинде.

Буга мисал катары, Жумушчу тобу төмөнкү фактыны келтирди. АЧКТЧМАнын штаттан тышкары кызматкери 2018-жылдын ичинде эле мамлекеттик органдын эсебинен 7 жолу чет мамлекеттерде өткөн эл аралык кеңешмелерге, форумдарга, семинарларга жана
башка иш-чараларга катышып келген.

Мындан тышкары, өткөн жылы АЧКТЧМАнын директору Рустамовдун айдоочусу жана жардамчысы милдетин кошо аткарган адамы Женева шаарына сапарга жөнөтүлгөн. ТИМге бул сапар туурасында билдирилген эмес, бул дагы бир тартип бузуу болуп саналат.

Кыскасы, Коопсуздук кеңеши президентке Мамагенттиктин директору, баса, маалым болгондой, премьер-министр Абылгазиевдин эски досу Рустамовду кызматтан бошотууну сунуштады. Премьер мындай кадамга бара алар бекен? Аны жакында көрөбүз. Мамлекет жетекчилеринин кимдин ким экенине карабай, коррупция менен аёосуз күрөшөбүз дегени ушинтип эле текшерилип калууда. Биздин Чапай, сууга чөкпөс да, отко күйбөс Рустамовго тие алышабы деги?

Баян КӨЛБАЕВА

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости