www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-апрелде делегациялар башчылары менен бирге Кытайдын Пекин шаарында «Бир алкак – бир жол» Экинчи форумунун алкагында эл аралык кызматташтык боюнча сессиялардын ишине катышууда.

Форумдун экинчи күнү Пекинге жакын шаарчада Яньци көлүндөгү Эл аралык жыйын борборунда өтүп жатат. КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Форумдун 1-сессиясын ачкан соң, Россиянын, Өзбекстан, Тажикстан, Сербия, Чили, Сингапур, Пакистан, Италия, Таиланд, Эфиопия, Венгрия, Греция жана башка өлкөлөрдүн делегация башчылары - президенттер жана премьер-министрлер өз сүйлөштү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Форумун 1- сессиясында «Өнүгүүнүн жаңы кыймылдаткыч күчтөрүн издөө үчүн өз ара байланыштарды бекемдөө» деген темада сөз сүйлөдү.

Сооронбай Жээнбеков Форумга чакыруусу жана жылуу кабыл алуу үчүн КЭР Төрагасы Си Цзиньпинге ыраазычылык билдирди.

«Кытай элинин сыйды билген, меймандос калк экенине дагы бир жолу ыраазы болдум. Мен Форумдун ачылышындагы Сиздин сөзүңүздү кунт коюп уктум. “Жашыл Жибек жолун” жана “Чынчыл Жибек жолун” түзүү жөнүндө сунушуңузду толугу менен колдойм. Кыргызстан агрардык өлкө катары экологиялык таза азык-түлүктөрүн өндүрүүнү жактайт. Биз үчүн таза коом – баарынан маанилүү. Биз Кытай өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү колдоону уланта турганы жөнүндө Сиздин билдирүүңүздү бизди колдоо катары кабыл алдык. “Бир алкак – бир жол” демилгесинин алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маанилүү», - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Президент бул чоң иш чара өлкөлөрдүн «Бир алкак – бир жолдун» алкагында мындан ары карай өз ара тыгыз кызматташуусуна өбөлгө болот деп ишенерин ал баса белгиледи.

«Быйыл Демилгеге алты жыл толот. Кыргызстан бул долбоорду биринчилерден болуп колдогон. Анын өз убагында көтөрүлгөнү жана келечектүүлүгү глобалдык чакырыктарга жана коркунучтарга жооп болду. Форум биздин өлкөлөрдү туруктуу өнүктүрүү жаатында пикир алмашуу жана жалпы аракеттерди бириктирүү үчүн уникалдуу аянтча болуп калды. Бул демилге глобалдык экономикалык милдеттерди илгерилетүүгө багытталган. Бүгүн анын алкагында Чыгыш менен Батышты бириктирип, эл аралык деңгээлде өз ара аракеттешүү жана жаратмандык аспектилери пайда болду. Ачык-айкын жана баарына пайдалуу болгондуктан, Идея дүйнө жүзүндө улам көп колдоого ээ болууда. Форумду өткөрүү жакшы салтка айланат деп үмүттөнөм”,- деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал баса белгилегендей, Кытай биргелешип гүлдөп-өнүгүү идеясын эле көтөрүп чыкпастан, реалдуу кадамдарды жасады. Өлкө экономикасы тездетилген темпте өнүгүүдөн жогорку сапаттагы өнүгүүгө өтүүдө. Ал глобалдык экономиканын өсүшүнүн башкы стабилизатору болуп саналат.

«Кытай биздин улуу кошунабыз, ишенимдүү досубуз жана стратегиялык өнөктөшүбүз. Биз Кытай мамлекетинин бардык ийгиликтерине ар дайым кубанычтабыз. Кытайдын колдоосу менен Кыргызстанда эономиканы өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу долбоорлор ишке ашырылды. Биз бул жардамды жогору баалайбыз», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

«Кыргызстан Жибек жолунун Экономикалык алкагын түзүүгө өз салымын кошуп жатат. Азыр глобалдык экономикалык активдүүлүк борбору Азия континентине ооп турганын Сиздер жакшы билесиздер. Ээлеген географиялык орду боюнча Кыргызстан уникалдуу өлкө. Бир жагынан Кытай – биздин жакын кошунабыз, ал эми башка жагынан – биз Евразия экономикалык биримдикке мүчөбүз. Биз бул эки глобалдык экономикалык чөлкөмдөрдүн ортосунда көпүрө болууга даярбыз, деп баса белгиледи Мамлекет башчысы. Экинчи Форумдун катышуучулары транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү бардык өлкөлөр үчүн приоритеттүү багыт болуп эсептелет деген бир пикирде. Кыргызстанда транзиттик автомобиль жолдорун реконструкциялоону 2022-жылга карата аяктоо болжолдонууда. «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу долбоорун ишке ашыруу да чоң салым болот деп ишенем. Бул баарыбыз үчүн өтө зарыл долбоор жана ал Демилгенин концепциясына толугу менен дал келет”.

Ал Кыргызстан өлкөнү өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки узак мөөнөттүү Стратегиясын кабыл алганын белгиледи. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк интструменттери активдүү илгерилетилүүдө. Азыркы кезде жүргүзүлүп жаткан сот-укуктук реформа менчик укугуна жана келишимдик укуктарды сактоого ишенимдүү кепилдик берет. Электрондук Өкмөт жаңы программасы. Ал калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга жана коррупция менен күрөшүүгө багытталган.

«Кыргызстан жаңы технологияларга муктаж. Биз Жибек жолунун санариптик инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча эл аралык демилгелерди колдойбуз. Жашыл экономикада, энергияны үнөмдөө, энергиянын кайра жаралуу булактарын табууда, биоинженердик жана нанотехнология тармактарында жаңы технологияларды жана инновацияларды түзүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүүгө даярбыз. Кыргызстан – глобалдык жана регионалдык интеграциялык процесстердин чын ыкластуу жактоочусу. «Бир алкак – бир жолду» биргелешип куруу буга катышкан бардык өлкөлөрдүн элдерине бакубатчылык алып келет деп ишенебиз», - деп баса белгилеп, Президент Сооронбай Жээнбеков сөзүнүн аягында уюштуруучуларга дагы бир жолу ыраазычылык билдирди жана Форумдун бардык катышуучуларына ийгилик каалады.

Сооронбай Жээнбеков мындан ары Форумдун экинчи жана үчүнчү сессияларына катышат.

 

Последние новости