www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-апрелде, өзүнүн КЭРге болгон иш сапарынын экинчи күнүндө делегация башчылары менен бирге Кытайдын Пекин шаарында «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтык боюнча Экинчи форумунун сессияларына катышууда.

Форумдун экинчи күнү Пекинге жакын шаарчада Яньци көлүндөгү Эл аралык жыйын борборунда өттү.

Сооронбай Жээнбеков Форумдун 1-сессиясында «Өнүгүүнүн жаңы кыймылдаткыч күчтөрүн издөө үчүн өз ара байланыштарды бекемдөө» деген темада сөз сүйлөдү.

Мындан тышкары, делегация башчыларынын бирге сүрөткө түшүүсү болду.

Эске салсак,  Форумдун ишине 187 өлкөнүн делегациялары катышууда, анын ичинде 37 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары келишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости