www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин убагында саясый куугунтукка алынган, мурдагы вице-премьер-министр Бекболот Талгарбеков 13-квартал гезитине маек берип, “Алмазбек иним, коркпой эле түрмөгө бара бер, сени тумшуктууга чокутпай, канаттууга кактырбай коргоп алабыз” деген пикирин айткан.

- Биз ал жакты көрүп чыктык. Эми Атамбаев дагы сөзсүз камалышы керек. Жан-жөөкөрлөрү камалып  олтурат.  Камалып  олтургандардын үй-бүлөсү, туугандары бар.  Менин версиям боюнча алар негизинен жеген эмес. Атамбаевден коркуп, анын буйругун аткара беришкен. Олтургандардын арасындагы күнөөсүздердүн атын айтып, алардын ордуна өзү барып отурса жүзү жарык болмок. Биз 3 жылга жакын олтуруп чыктык. Атамбаев дагы түрмөгө баргандан коркпосун. Экөөбүз ага-инибиз, ортобузда жеке кастык жок. Ал менин үйүмдө конок болгон, өзү мени ресторанга чакырып коноктогон. Мен 3 жыл жаттым, бир келип койсо болот беле? Өзү келбесе дагы бир козу жөнөтүп койсо болмок да. Атамбаев камалса мен барып кабар алып турам, каралар дүйнөсүнөн сактайм. Түрмөгө барган ар бир адам «каралардын» тизмесине кирет. Бизди бир жуманын ичинде түрмөнүн положенеци чакырды. Ал кимди чакырып сүйлөшөм десе тоскоолдук жок. Положенец «Өйдө жаткан ушундай буйрук келди. Силер эл үчүн деп чыгыптырсыңар. Биз текшерттик, үчөөңөрдө бир киоски да жок экен. Жазаңарды өтөй бергиле, силерге «общак» үчүн төлө деген болбойт» деди. Биз Атамбаевдин бийлигинен зордук-зомбулукту көрдүк, «караларда» андай зомбулук жок. Аларда мыйзамдуулук болуп жатпайбы. Азыр Кыргызстандын 90 пайыз эли Атамбаев камалсын деп турат, Ошондуктан, Алмазбек иним, коркпой эле түрмөгө бара бер, биз сени тумшуктууга чокутпай, канаггууга кактырбай коргоп алабыз, деген маегинде.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости