www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте бир катар саясий уюмдар уюштурган "Кыргызстан: кечээ, бүгүн жана эртең" жыйыны  болуп өттү.

Курултайга саясатчылар Азимбек Бекназаров, Дастан Сарыгулов, Алмамбет Матубраимов, Медеткан Шеримкулов, Элмира Жумалиева,Мукар Чолпонбаев, Кадыр Кошалиев жана саясый партиялардын мүчөлөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө коомдук-саясий абал жана уран маселеси, саясый куугунтукка алынгандар тууралуу маселе талкууланды. Андан сыртары Нарын облусунун тургуну, Апрель Баатыры Бактыгул Жумбаева, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди камакка алуу сунушун айтып, бийликтен бул маселени тез арада чечүүнү айтты.

Легендарлуу парламенттин башында турган Медеткан Шеримкулов, Кумтөр маселесиндеги күнөөлүүлөрдү таап жоопко тартууну президентке айткандыгын жана уран маселесине көйгөйлүү маселени ортого салды.

Эске сала кетсек, "Кыргызстан: кечээ, бүгүн жана эртең" деген аталыштагы алгачкы курултай Бишкекте 2018-жылдын 24-ноябрында болуп өткөн.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости