www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Согд облусунун жашоочулары бир жылдан ашык убакыттан бери Өзбекстандан жаратылыш газын күтүп жатышат. Бирок алардын үйлөрүнө азыркыга чейин көгүлтүр отун келе элек.
«Сугдиёнгаз» жетекчилиги калкты газ менен камсыздоонун кечигип жатканын ремонт иштери жана расмий бийлик газ жеткирүү боюнча уруксат бере электиги менен түшүндүрдү. Согд облусунун төрагасы акыркы басма сөз жыйынында журналисттерге «Сугдиёнгаз» чындап эле газ үчүн уруксат сурап кайрылганын, бирок администрация көгүлтүр отунду коопсуз түрдө жеткирүү маселесин карап жатканын айткан.
«Сугдиёнгаз» 3 миллион сомониге газ куурларын жаңылаганын жана ремонттогонун билдирген.
Бул арада «Сугдиёнгаз» жакын арада автоунаалар үчүн суюлтулган жаратылыш газын сатууну пландоодо. Ушул тапта Бободжон Гафуров районунда жана Хожент шаарында автоунааларга суюлтулган газ куюуучу беш жай реконструкциядан өтүп, пайдаланууга берилүү алдында.
Суюлтулган газдын бир кубометри аймакта 4 сомони (29,91 сом) турат.
Өзбекстан 2012-жылы Тажикстанга жаратылыш газын жеткирүүнү токтоткон. Мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунда көгүлтүр отун сатып алуу боюнча жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр өз натыйжасын берген эмес. Ушул тапта «Тажикгаз» 1000 кубометр өзбек газын 130 доллардан сатып алууда. Он жыл мурун бул баа 340тан 360 долларга чейин көтөрүлгөн. Азыр Согд облусунда 44 өндүрүш ишканасы өзбек газы менен иштейт.
Булак: NazarNews.kg