www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 14-декабрда Бишкек шаарында тез жардам кызматкерлеринин унаасы жол кырсыкка кабылды. Бул маалыматты «АКИpress» агенттигине Ыкчам медицина борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов тастыктады.

Анын айтымында, саат 05:20да медицина кызматкерлеринин унаасы бак сүзгөн. Алар чакыруудан кайтып келе жатышкан.

«Анын кесепетинен врач-педиатр Екатеринанын бели сынды. Ага операция керек, 1,5 миң доллар турган титан имплант орнотуу зарыл. Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунан имплантты акысыз орнотуп беришерин билдиришти. Операция эртең болору күтүлүүдө», - деди Шаяхметов.

Ал фельдшердин мээси чайкалганын кошумчалады. Айдоочу жабыркаган эмес.

«Балдардын арасында курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо күчөгөнүнө байланыштуу тез жардам кызматкерлерине күч келүүдө. Бизде 6 педиатрия бригадасы бар, алар күн сайын адаттагыдан 20 эсе көп чакырууга чыгып жатышат. Алардын ишин жеңилдетүү максатында 10 жаштан жогору балдарды башка бригадалар тейлейт деп чечкенбиз. Балдардын арасында курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо оор өтүүдө: жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп жатат. Кээ бирөө 2-3 жолу ооруп жатат», - деди Шаяхметов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости