www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кино – кыйноо

«Атанын керээзи» тасмасы Монреалда «А» класстагы Эл аралык кинофестивалдан башкы байгесин – «Алтын Зенитти» алуу менен бийиктикти багындыра алды. Бул тасманын өзөктүү маңызы  бир гана кыргыз элинин трагедиясы эмес, бүтүндɵй адамзаттын трагедиясы. Тасманы кɵргɵндɵ ар бир кɵрүүчүнүн сезимин сыздатып, жүрɵгүн титретери ырас.

- Тасманын кыскача тарыхына токтоло кетсеңиз...

- Тасманын режиссёру Дастан экɵɵбүздүн кɵз-карашыбыз дагы бирдей болгону менен бирок сценарий жазабыз деп оюбузга келбептир. Дастан бир күн келип, «Бир киши шаардан келсе, үйү талкаланган, жалгыз келип баштан ɵткɵн күндɵрүн эстей ностальгияга чɵмүлɵ…ойлонуп…» деди. Сɵздɵн сɵз, ойдон ой чыгып аны чоӊ киши кылбастан 25 жаштагы жаш жигитти башкы каарман кылдык. Ошентип, кɵпкɵ ойлондурган тасмабызды баштап алдык.

- Элдин талуу жери миграция маселесин козгогонуӊуздар утушуӊуздар болуп калбадыбы. Миграция маселесин козгоо кандайча жаралып калды…

- Кыргыз үчүн миграция темасы ɵтɵ глобалдуу темага айланган. Союз тарагандан соӊ, Кыргызстандын булуӊ-бурчунан Россия, Корея, Түркия жана башка чет ɵлкɵлɵргɵ кɵр окаттын айынан жан бакканы кетип жатышат. Ар кандай кырсыкка кабылып же оорунун айынан ɵз мекенине кайта алышпай бɵтɵн жерде каза болгондор да жок эмес. Кыргыз ушинтип жатса кɵбɵйɵбүзбү? Ата-бабалардан келген каада-салтыбызды, нарк-насилибизди кармаган киши жок, кароосуз калган үйлɵр кɵбɵйгɵндɵн кɵбɵйүп баратат. Мына ушул маселени козгоп, сценарийдин ɵзɵгүн түзгɵн атанын керээзине токтолдук.

- Жемиштүү иштин башталышы кыйын дешет го…

- Сценарийди жазып койгонубуз менен тартууга белсене баштаганда акча таппай аябай кыйналдык. Бир күнү Т. Океев атындагы киностудиядан раматылык Талип байкеге (академик, сценарист Талип Ибраимов) жолугуп калдык. Бул киши оӊою менен киши жактырбаган орой мүнɵздɵгү киши эле. Улууга урмат кыла ɵтүп барып саламдашсам ал: «Ии гений кандай?» деп какшыктагандай учурашчу. Кээде алдынан чыгып калганыма дагы заарканчумун. Эмнеге гений дей бергенин ɵзүм дагы түшүнчү эмесмин. Анан мен жиним келип: «Эмне ары-бери ɵтсɵм эле гений дей бересиз же мен сизге тийишип жатамбы?» десем, «Эмне гений деген жаманбы?» деди.  Анан улуу кишиден уялат экенсиӊ, катуу айтып койдумбу деп, «Байке, же бир шүмшүк кишисиз же бир жакшы кишисиз» десем, «Балким, балким» дейт. Ошондо сценарий тууралуу айттым…Ушул тасмабыздын тартылып калышына Талип байкенин эмгеги зор.

- Тасманы шɵкɵттɵгɵн монтажёрдун эмгеги. Тасманын монтажы ɵзгɵчɵ мааниге ээ эмеспи?

- Актан Рыскелдиев монтаж кылды. Талип байке жумушчу монтажды кɵрдү да, кɵпкɵ чейин үндɵбɵдү. Жарык ɵчүк эле, жарык күйгɵн соӊ бир маалда: «Керемет, эч бир жерин кеспегиле, кыркпагыла, ушул бойдон калтыргыла» деп кɵзүндɵгү жашын аарчыды…

Фестивалга кɵрсɵтɵлү десек, арасында: «Фестивалга?!Силерби?!» деп таӊ калган кыйын киночулар болду. Венеция жана Монреалга тасмабызды кетирдик. Аӊгыча Монреалдан дебюттук программага «Ɵттүӊɵр!» деп кат келди. Программаны карасак ар кайсы мамлекеттерден 23 кино кириптир. КМШ боюнча орустардыкы анан биздики бар экен. Ошентип «А» класстагы кинофестивалдан Гран приге ээ болдук. Таӊ атканча ойлонуп жатып, алтын байгени утуп алдык.

- Башкы каармандын ролу кандайча тандалды?

- Башкы каармандын образына чет ɵлкɵнүн жашоосун кɵргɵн, башкача жүрүм-туруму бар жигит издеп, кастинг ɵткɵрдүк. Бирок, келгендердин баары чет ɵлкɵдɵ жашап калган балдарга эч окшобой жатышты. Дастан башкы каарманга Ленинграддагы А. Я. Ваганова атындагы орус балет академиясын жаӊы бүтүп келген уулум Иманды сунуштап калды. Алгач мен каршы болдум, Иман дагы каршы чыкты. Акыры Дастан тандагандай Иман башкы каарманга даярданып, тартылууга туура келди.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости