www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бакунун Ясамаль районунда 27 жаштагы кыз өз атасынын колунан каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Андагы маалыматтарга ылайык, Азербайжандын Массали районунун 57 жаштагы тургуну Ильгар Паша оглу Гурбанов атайын Баку шаарына барып, кызы Айсель Мамедли менен жолугушат. Жолугушуудагы сүйлөшүү учурунда экөөнүн ортосунда жаңжал чыгып, атасы кызынын төшүнө, мойнуна жана ичине бычак сайып жиберген.

Айсель көп кан жоготкондуктан окуя болгон жерде каза тапкан. Ал эми атасы өз ыктыяры менен полицияга барып колго түшүп берген.

Атасынын айтымында, кызы экөөсүнүн ортосунда анын адеп-ахлаксыз жашоосу себеп болгон. Себеби, Гурбанов кызынын сойку экени тууралуу имиштерди айылдаштарынан уккан экен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости