www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте адамдын жүзүн тааный турган 60 камера орнотулат. Бул боюнча ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. Ага таянсак, эл аралык донорлордун жардамы менен келген бул видео көзөмөлдөгүчтөр шаардын “кооптуу” аймактарында орнотулуп баштады.

Ошондой эле «Коопсуз шаар» долбоору боюнча 306 жерге видеокамера орнотуу пландалууда. Бул долбоордун алкагында Бишкек шаарынын алты кичирайонунда «Коопсуз район» долбоору ишке кирип, 72 камера коюлган. Жакын арада Бишкектин 11, 12 жана «Асанбай» кичирайондоруна да видеокамераларды орнотуу каралууда.

Бул иштер Бишкекте түзүлгөн «Командалык борборду» ишке киргизүүнүн алкагында аткарылып жатат. Министрлик аталган борбордун максаты - кылмыш болгон жерге ыкчам чыгуу, коомдук коопсуздукту, жол коопсуздугун камсыздоо экенин кабарлады.

Эске сала кетсек, «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабы быйыл февралда башталып, анда «Вега» компаниясы 35 миллион долларга 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон. Долбоордун экинчи баскычын кытайлык «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы утуп алган. Алар жалпысы 2 654 558 940 сомго иш аткарышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости