www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырчы, актриса Асема Токтобекова "Леди KG" гезитине кош бойлуулугу кандай өтүп жатканын айтып, кош бойлуу айымдарга кеңештери менен бөлүштү. 

- Азыр ай-күнүм жакындап, ичим чоңоюп, өзүм шишип калдым. Кош бойлуу кезде көнүгүү - айым өзүн сергек алып жүргөнгө, төрөттүн жеңил өтүшүнө абдан жардам берет. Интернет булактарынан кош бойлууларга арналган көнүгүүлөрдү карап алып, аны күнүгө эртең менен жарым сааттан жасап турам.

Кош бойлуу айымдардын организми клетчаткага муктаж болот. Ошондуктан мен курамында клетчатка бар кургатылган өрүк, дан өсүмдүктөрүн, жер-жемиштерди жегенге аракет кылам. Себеби салмак кошуудан сактайт. Наристе күтүп жаткан айымдын организминде глюкоза көбөйөт, мындан улам кант диабети оорусуна дуушар болуусу ыктымал. Эгерде тамактануу рационуңуз клетчаткага бай болсо, бул оорудан алыс болосуз.

Автор: Айгерим Токтобай кызы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости