www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бир жылда ички карыздан 12 миллиард сом алып жатасыздар, урматтуу Кубатбек Айылчиевич. Ал сумманы 18%дын тегерегинде алсаңар, демек, пайыздын өзүнө эле 2 миллиард сом төлөнүп жатат. Мына, “Россия-кыргыз өнүгүү фондунда” акча жатат, али күнгө чейин толук иштетилбей. Эмнеге андан албайсыңар? Өкмөт өзүңөр 4%дан бересиңер да, ал эми тиги жактан 18%дан алып жатасыңар. Бул кандай? Бул деген - чыккынчылык! Бул - душмандык! Такыр туура эмес. Өкмөт “сырттан карыз албай жатабыз” дегениңер менен ички карыздардан тымызын “ишти” кылып жатасыңар. Дал ошол 18%, тагыраагы, 2 миллиард сомдун тегерегинде көп кызыкчылыктар бар. “Доляда” олтурушат...”

Мындай пикирин бүгүн, 29-октябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин кезектеги жыйынында “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов айтып чыкты. Буга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов башын ийкеп, "туура, туура" деп олтурду.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости