www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

29-августта Чүй облусунун Сокулук райондук сотунда 9 жашар кызга ыдык көрсөтүүгө байланышкан кылмыш иши каралып, өкүм чыкты. Бул тууралуу соттон билдиришти.

Аталган соттун өкүмүнө ылайык, айыпталуучуну Кылмыш-жаза кодексинин 34-158-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылган. Жазасы жалпы тартиптеги түзөтүү абакта өтөт.

Айыпталуучу жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн пайдасына материалдык зыян 132 миң 166 сом жана моралдык зыян 50 миң сом өндүрүлүүсү каралган. Тараптар өкүмгө 30 күндүн ичинде апелляциялык даттанууга укуктуу.

Ушул жылдын февраль айында милицияга жаран кайрылып, кошунасына чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анын 2013-жылы туулган кызына сексуалдык ыдык көрсөтүү болгонун айткан. Аталган факты катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости