www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Бакировго Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу адвокат Назгүл Сүйүнбаева билдирди.
Анын айтымында, кечээ Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү тарабынан Бакировго өлкөдөн чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды.
«Биз коюлган айыпты негизсиз деп эсептейбиз. Буга чейин Ош облусунун ички иштер башкармалыгы добуштарды сатып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козголгон. Бирок добуш сатып алуу болгон эмес. Бул боюнча эки адам кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Алардын бири сотто менин жактоочум менен тааныш эместигин айткан жана депутат Бакиров да аларды тааныбайт», - деди Назгүл Сүйүнбаева.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Бакировду депутаттык мандатынан ажыраткан. Белгилей кетсек, 18-августта Жогорку Сот депутат Өмүрбек Бакиров шайланган №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимди күчүндө калтырган. 29-августта ал Ош облустук ички иштер башкармалыгына суракка алынып келинген.
Булак: NazarNews.kg