www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда дегеле кызыктар толтура. КР президенти Садыр Жапаровдун айланасындагы жүгүртөк жетимдери оюна келгенди жасашып президентти жек көрсөтө баштаганы айтпаса дагы түшүнүктүү.

Алсак буга чейин Асман шаарынын курулушундагы кутудагы: “Бул жерге 2023-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров курулушун баштап жатып, келечек муундарга кайрылуу катары мезгил кутусун салды.

Мезгил кутусу 2123-жылдын 30-июнунда ачылсын”, - деп жазылган.

Андан көп өтпөй журналист Сымбат Максутова:

—  Ушул мезгил кутучасын 100 жылдан кийин ачылсын деп Президент Садыр Жапаров изги тилек менен өзү цемент менен чаптады. Эми караңыздар, ушул кыска текст да ката. Асман шаарын тырмакчага алышкан. Качан айыл, шаар, район, облус аттары тырмакчага алынчу эле? 100 жылда миллиондогон адамдар көрө турган таштын үстүндөгү бул жазууну оңдоп койгула туугандар, - деп талкууга дем таштаган эле.

Кызыгы, кайталанган жазууга Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Жылдыз Медералиева:

— Бүгүн мына  ушундай жаңылык окудум. Мезгил кутусу, 2123-жылдын 30-августунда ачылсын. Ошондо 120 жылдан кийин ачылабы? Бир кылымдан ашык убакыт кетет экен? Же мен туура эмес түшүнүп жатамбы? Текстте тыныш белгилер боюнча да ката бар. Ким кандай түшүндү? – деген пикир калтырган.

Демек, коёндой окшош мезгил кутусундагы президенттин атынан жазмалар кылым карыта турган болдубу? - деген суроо жаралат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости