www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул жерде баса белгилеп кетишибиз керек СКС программасы 120 депутат бар кезде жазылган. Кудайга шүгүр, азыр 90 депутатка түштү. Парламентке эл салыгы менен канча акча коротуп келди? СКС боюнча Кыргызстанда 64 эл өкүлдөр округу болот. Парламент Мыйзам чыгаруучу жана Эл өкүлдөр болуп бөлүнөт. Парламенттин ичинен 9 депутат туруктуу негизде иштейт дагы калган 55 депутат күзгү жана жазгы сессияга келипиш аткарып турушат. Жыйынтыгында Кыргыз мамлекетине 706 000 000 сом коромжу болбойт. Ошондуктан мыйзамды алмаштырсак бир гана парламенттен 706 млн сом үнөм болот.

Депутаттар ойноп, күлүшү үчүн 100 миң сомдон тышкары, чиндерине, наамдарына, квартал сайын сыйлыгына , ал эмес күзүндө салат жасап алышсын деп миллиондогон акчалар агылып турду анткени мамбюджетти депутаттар өздөрү бекитет. Өздөрүнөн-өздөрү акча аямак беле? Депутаттарга кеткен 780 млн сомдун 706 млн сому депутаттарга эмес, элге кызмат кылышы керек. 64 депутат шайланып, анын ичинде 9 депутат гана туруктуу иштөөнү сунуш кылып жаткан, СКС программасы Конституцияга өзгөртүү кийирүүнү каалайт. Мисалы, Конституциянын 4-бөлүмүнө киргизиле турган өзгөртүүлөр мыйзам чыгаруу бутагына таандык. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеште 120 депутат иш алып барып жатат. Бюджеттин эсебинен аларга 780 000 000 сом бөлүнөт. СКС сунуштап жаткан өзгөртүү мындайча болмокчу.

Карганбек Самаковдун экономикалык жактан сабаттуулугу ушул жерден көрүнүп турат. Ал Советтер Союзу жоюлгандан бери отуз эки жыл өткөнүн баса белгилеп, ошондо бизге калган 460 завод-фабрикалар таланып-тонолуп кеткенине бардык мекенчил кыргыздардай эле кейип-кепчигенин жашырбайт. Ал ПЕСАК сыяктуу тузак программалар кыргыз элинин бай-кедей болуп бөлүнүп жаралышына алып келгенин белгилейт. Кыргыз жергесиндеги байлыгыбызды капчыгын толтуруу үчүн 2200 лицензия менен мамлекет башчыларынан колдоо тапкан тиешелүү атка минерлер сатып жиберишкен. 

Өкмөттө 71 мамлекеттик органдар кыскарып 14 гана орган болот. Кийинки болгон өзгөртүүлөр Конституциянын 5-бөлүмү тууралуу. Бул Кыргыз өкмөтүнө аткаруу бутагына таандык. Кыргызстанда иш алып барып жаткандар премьер- министр баш болуп, өкмөт мүчөлөрү төш болуп 70-тен ашык мамлекеттик орган бар. Кыргызстандын бюджети 135 миллиард сом анын жетимиш пайызы мамлекеттик атка минерлерди багууга жумшалат. Калган 54 миллиард сом акча 650 миң пенсионерлерге, 575 миң жөлөк пул алгандарга бөлүнүп берилет. СКС сунуштап жаткан мамлекеттик органдар башкача болмокчу. СКС программасы боюнча 71 мамлекеттик органдардын ордуна, ошолордун ишин толугу менен  аткара турган 14 гана мамлекеттик органдар болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости