www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук районунун аймагындагы сауналарда кызмат көрсөткөн 7 жаран аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-августта Сокулук РИИБинин кызматкерлери тарабынан сексуалдык кызмат көрсөтүү менен алектенген жарандарды аныктоо максатында Сокулук районунун аймагындагы сауналар текшерүүгө алынды. Иш-чара учурунда Сокулук айылындагы сауналардын биринен сексуалдык кызмат көрсөткөн 7 жаран аныкталып, тергөө кызматына жеткизилген.

Аталган факт Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Учурда сауна ээсинин жана сексуалдык кызмат көрсөтүүнү уюштургандардын жоопкерчилиги каралууда.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости