www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БРИКСти кеңейтүү боюнча саммитте кабыл алынган чечим ассоциацияга жаңы күч берет. Бул тууралуу бейшембиде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин БРИКСтин 15-саммитинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирди.

“БРИКСтин кеңейиши БРИКС кызматташтыгын өнүктүрүүнүн жаңы башталгыч чекити болот жана БРИКС алкагында кызматташууга жаңы күч берет”, - деди Си Цзиньпин.

Буга чейин БРИКС саммитинин катышуучулары Аргентина, Египет, Иран, Эфиопия, Бириккен Араб Эмираттары жана Сауд Арабияны экономикалык клубга чакырууга макул болушканы маалымдалган. БРИКСке жаңы өлкөлөрдүн толук мүчөлүгү 2024-жылдын 1-январынан тарта башталат.

Белгилей кетсек, БРИКС азыр Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африканы бириктирет. Жакында эле 23 мамлекет экономикалык блокко кошулуу каалоосун билдирген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости