www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БРИКС өлкөлөрүнүн лидерлери Йоханнесбургда өткөн 15-саммиттин жыйынтык декларациясын кабыл алышканын Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафоса билдирет.

Ал саммиттин катышуучулары Аргентина, Египет, Иран, Эфиопия, Бириккен Араб Эмираттары жана Сауд Арабияны экономикалык клубга чакырууга макул болгонун ырастады. БРИКСке жаңы өлкөлөрдүн толук мүчөлүгү 2024-жылдын 1-январынан тарта башталат.

Түштүк Африканын президенти жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу "бештикти" кеңейтүүнүн биринчи этабы экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, БРИКС азыр Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африканы бириктирет. Жакында эле 23 мамлекет экономикалык блокко кошулуу каалоосун билдирген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости