www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн Кабмин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн экономикасын тарта албай калды. Кымбатчылыктан эл баш көтөрө албай калышты. Анан уялбай жалганды айтып мактанып, "ички дүң өндүрүмдүн көлөмү 1 триллионго жетти" дейт. Элде жүгүртүлгөн акчанын көлөмү мынчалык деңгээлге жетсе, эмнеге карапайым калк каатчылыктан каржалып, тукулжурап баратат? Жооп жок. 

Ушул Акылбек Жапаров жүргөн жерге чөп чыкпай турганы Кыргызстандын эгемендүүлүктөн берки тарыхы жакшы эле далилдегендей болду. Чынында Кыргызстандын азыркыдай абалга келишине Акаевден бери ээрден түшпөй келе жаткан Акылбек Жапаровдун дагы салымы бар. Анан ушундай адамга өлкөнүн экономикасын ишенип карматып койгон Садыр Жапаровдун саясатына, бүгүнкү күндө да коомчулуктун башы маң болуп түшүнө элек. 

Эл бийликтин жасалма "кыйратып жатабыз", жасалма "өнүгүп-өсүп жатабыздан", бирөөлөрдү коркутуп өзүн көтөрө чалдырган жасалма, "пиардан" тажап бүтүштү.

Калптын өмүрү кыска. Элди түбөлүккө жалган менен сугаруу мүмкүн эмес. Реалдуу иш, майнаптуу жыйынтык жоктугун карапайым калк жон териси менен сезип жатат. Мамлекет салык менен жашап калды. Элди салык менен тоноп, муунткан өнүгүүнү билдирбейт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости