www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ администрациясы БРИКСти геосаясий атаандаш катары көрбөй турганын айтып, "жүзүн сактап" калганга аракеттенүүдө. РИА Новости бул туурасында сенатор Алексей Пушков билдиргенин жазды.

Буга чейин Америка президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан АКШ БРИКСти олуттуу кабыл албай турганын билдирген эле.

"АКШнын администрациясы БРИКСти геосаясий атаандаш катары көрбөй турганын айтып, жүзүн сактап калганга аракет кылууда. Бирок БРИКС G7 болбой туруп эле баары бир геосаясий ролду ойнойт", — деген Пушков.

Анын айтымында, БРИКСке мүчө мамлекеттердин жана блокко талапкер өлкөлөрдүн Батыштын антироссиялык санкцияларын колдоодон баш тартышын "геосаясий акт" катары караса болот. Өз ара соодада доллардан баш тартууга жасалган чакырыктай", — деген сенатор.

БРИКСтин саммити Йоханнесбургде 22-августта башталган, бүгүн жыйынтыкталат. Ага Кытай, Индия, Бразилия, Түштүк Африканын лидерлери катышууда. Россиянын атынан РФ ТИМ жетекчиси Сергей Лавров барды. Ал эми президент Владимир Путин саммитке видео конференция аркылуу катышып, билдирүү жасады.

Соңку учурда экономикалык бул блокко 23 мамлекет мүчө болууга ынтызарлыгын билдирген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости