www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол тескөөчүлөргө баш ийбеген айдоочу кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош-Бишкек унаа жолунун 618-чакырымында Lexus үлгүсүндөгү унаанын 1986-жылы туулган айдоочусу Жалал-Абад облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей кетип калган.

«Кызматкерлер унааны кармоо үчүн кийинки күзөттө турган кызматкерлерге маалымат берген. Жыйынтыгында, кызматкерлердин ыкчам чара көрүүлөрүнүн натыйжасында айдоочу кармалып, унаасы айып короо жайына токтотулду. Жол эрежелерин бузгандыгы үчүн жалпысынан 41 миң айып салынган. Ал эми айдоочусу андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген», — деп айтылат маалыматта.

Ага төмөнкүдөй протоколдор түзүлгөн:

▪️автобейбаштык - 15 миң сом
▪️Каршы тилкеге ​​чыгуу - 15 миң сом
▪️автоунааны токтотуу талабына баш ийбөө - 5500 сом
▪️ашып өтүү эрежесин бузуу - 5500 сом.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости