www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жумада Кабмин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайга барган иш сапарында Сары-Жаз дарыясына ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишим болгону айтылган. Анда Сары-Жаз өрөөнүнө 1100 мегаватт 6 ГЭСти Кытай тарап инвестиция жумшап кура турганы маалымдалган. Тилекке каршы, өндүрүлгөн электр энергиясынын Кытайга экспортолору, ал эми Кыргызстан үчүн ички таңсыктыкты жабууга эч кандай жарыгы тийбей турганы чоң суроо жараткан. 

Эми андагы иш сапарда электр энергиясы эле өлкөдөгү маанилүү көмүр кендерин Кытай тарап менен биргелешип иштетип, казылып алынган көмүрдү Кытайга сатуу жагы коомдо талкуу жаратты. 

Белгилей кетсек, "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы өлкөдөгү бир катар көмүр кенин кытайлык компаниялар менен биргелешип иштетмей болууда. Кытай тарап менен Шинжаң-Уйгур автоном районунун Үрүмчү шаарында өткөн кыргыз-кытай бизнес форумунда кол коюлган 1 миллиард долларлык ар түрдүү экономикалык келишимдин 9у көмүр кенине тармагына тиешелүү экен. 

Натыйжада, чек арадагы "Эркечтам" өткөрмө бекетине жакын жерге ленталуу конвейер менен көмүр логистикалык борборун жана "Торугарт" бекетине жакын жерге көмүр логистикалык борборун чогуу куруу боюнча келишимдер кабыл алынган.

Мындан тышкары Ак-Улак, Беш-Буркан, Тегене, Торугарт, Торугарт 1, Сүлүктү 11 талаа, Каракабак-Балыкты көмүр кендерин биргелешип иштетүү жөнүндө ниет келишимдерине кол коюлган.

Жогорудагы келишимдер "Кыргызкөмүр" ишканасы менен кытайлык 5 компаниянын ортосунда кабыл алынган. 

Кызыгы, Өкмөттүн бир иши бир ишине каршы. Дегенибиз, өткөн айда өкмөттө кышка даярдык каралып жатканда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев быйыл республиканын бардык аймактарында 549 отун базасы ачылышы керектигин, өлкөнү толук камсыздабай туруп, көмүр экспорттолбошу зарыл экенин эскерткен. Ошондо бул жагы кандай болот?..

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости