www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабанов президенттике тымызын даярданып жатабы?

Ушул күздө жаңы президенттик шайлоо болуп калышы мүмкүн экени саясий тар чөйрөдө талкууланып жатат. Анткен президент Садыр Жапаров мурунку эски Баш мыйзам менен 6 жылга бир мөөнөткө шайланган. Жаңы Конституцияга ылайык кайрадан шайлоо өтүшү керек болчу. Андыктан эски Конституция менен шайланган Жапаров жаңы Конституциянын ыйгарым укуктары менен иш алып барып жатканы мыйзамга шайкеш келбестиги көптөн бери айтылып, козголуп келе жатат.

Учурда мына ушул маселе бышып калганы, элдеги нааразычылыктардын өсүшү жаңы шайлоого түрткү болушу мүмкүн. Садыр Жапаров өз каалоосу менен отставкага кетип, азыркы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого аттанаса, штабын башкарып иш алып барышы ыктымал экен.

Эгер чындап шайлоо маселеси күн тартибине чыкса, Өмүрбек Бабанов дагы президенттикке ат салышаары айтылып жатат.  Бүгүнкү күндө тымызын даярдык көрүп жатканы да кеп болуп келет. Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт дегендей, жытчыл Бабанов кыймылдай баштаганына караганда күздө саясий өзгөрүүлөр орун алышы мүмкүн окшойт.

Айткандай, эгер кырдаал чындап  кайрадан президенттик шайлоону дайындоого жеткирсе экс-президент Алмазбек Атамбаев дагы шайлоого талапкер болуп чыгышы толук мүмкүн десек жарашат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости