www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын Нарындагы Солтон-Сары кенинен алтын өндүрүүчү фабрикасынан алтын рудасын уурдаган топ кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматы билдирди.  

Маалыматка караганда, фабрикада иштеген айрым адамдар руданы чыгарып, Нарын жана Чүй облусунун аймагында сатып жүрүшкөн.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 27-декабрында Оттук айылында «Мерседес-Спринтер» автоунаасы кармалып, анда 1500 кг салмактагы 35 кап өлчөмүндө алтын камтыган руда табылган. Кармалган жүктүн көмүскө базар баасы болжол менен 4 миллион сомду түзөт.

Аталган окуя боюнча Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча иш козголуп, Солтон-Сары кенин иштеткен ишкананын башчысы, алтын фабрикасынын директору жана адиси камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости