www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ЖЭБдин мурунку директору, Нурлан Өмүркул уулу, «386 млн доллар толугу менен ЖЭБге жумшалып, химиялык цех салынганда авария болбойт болчу» деген жана ТЭЦдин ички саясатын "Жаңы ОРДО" гезитине ачыкка чыгарган. Төмөндө кызыкты жана так маалымат менен таанышсаңыздар болот.

— Нурлан мырза, сиз Бишкек ЖЭБдеги авариядан кийин директорлук кызматтан четтетилдиңиз. Көпчүлүккө аварияга жоопкер болгон деп сизди гана жумуштан алгандай сезилип калды. Жумуштан кетишиме эмне себеп болду деп анализ жүргүздүңүзбү?

— ЖЭБдеги авария техникалык маселе. Ага башкы инженер жана орун басарлар жооп бериши керек. Ушул жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде химиялык суу жетпей аварияга туш келдик. 30-январда Жогорку Кеңеште жыйын болгон. Мен ошол жыйында жаңы модернизация болгон долбоордун ичинде салынган блокторго химиялык цех салынган эмес, ошонун себебинен авария болду деп жарыялаганымдан кийин эле мени жумуштан кетиришти. Ага чейин деле оозеки түрдө ЖЭБдин модернизациясына сөз тийбесин деп айтышкан. Ошондуктан биринчи күндөрү авариянын себебин айта албаганыбызга ошол себеп болду. Мен Жогорку Кеңештеги жыйында авариянын себебин ачык айтып салбадымбы. Бирок, премьер-министр, биздин жетекчилик насосту күнөөлөп “Насос иштебей калыптыр” дешип, аны негизги себеп деп айтышкан. Бир күндөн кийин эле мени жумуштан кетиришти.

— Авариянын негизги себеби жетекчилер айткан насос эмес, модернизация болгон бөлүгүнө химиялык цех курулбаганы болуп жатабы?

— Авариянын негизги себеби Бишкек ЖЭБдин модернизация долбоорунун ичинде салына турган химиялык цехти салышкан эмес. Алар химиялык цехти салыш керек болчу. Биз бул маселени койгонбуз. Жаңы агрегаттар коюлуп жаткандан кийин өзүнүн жаңы химиялык цехи болушу керек. Тагыраагын айтканда модернизация болгон соң өзүнчө көз карандысыз ЖЭБ болушу керек эле. Химиялык цехти салыш керек деген 2016-жылдан бери жазган каттарыбыз бар. Ага карабай аны салган эмес. Азыр жаңыдан салып жатат. Муну эске албай аны өткөн жылы 31-августта ишке киргизип коюшту.

— Модернизация болгон ЖЭБди ишке киргизип жатканда КТР аркылуу ЖЭБдин эски бир да гайкасы калбай жаңыланды деген маалымат кеткен. Мурунку президент өзү барып лентасын кескен. Ал жалган маалымат болуп жатабы ошондо?

— Бишкек ЖЭБи толук модернизация болгон жок. ЖЭБдин тарыхын деле карап көрсөк, ал кезек-кезеги менен 1991-жылга чейин салынып келген. 1960–1970-жылдардын ортосунда салынган учурдагы агрегаттар эскирип, колдонуудан чыгарылган. Ошонун орду гана модернизация болгон. Ал ЖЭБдин үчтөн бир гана бөлүгү.

— Кечээ күнү ЖЭБдеги аварияны, модернизацияга жумшалган 386 млн долларды иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынында аварияга жооп бере турган башкы инженер кызматтан алынбастан, тескерисинче кызматтан жогорулаганына таң калдыңыз. Ал адамдарды кимдир бирөөлөр колдоп жаткан жокпу, маалымат сыртка чыгып кетпесин деп?

— Башкы инженерди кызматка “Электр станциялары” ААКсынын директору Узак Кыдырбаев менен орун басары Боркоев коюшкан. Өзүлөрүнүн кишисин кызматтан кетире албастан, мени тандашты го деп ойлойм. Менде коргоочу “крыша” деле жок. Мени кызматтан алып, өзүлөрүнүн кишисин алып келүүнү “Энергохолдинктин” башчысы Айбек Калиев менен “Электр станцияларынын” башчысы Узак Кыдырбаев экөө эле чечти. Алар үчүн аварияга күнөөкөр ушул болчу, кызматтан алынды деп элге жарыялап, суроолорду жоопсуз калтырыш керек болчу. Бирок, бул маселе эл ичинде резонанс болуп, депутаттар да кызуу киришип кетти. Ошондуктан алар маселени жаап кала алган жок. Мамлекеттик экотехинспекциянын комиссиясы да түзүлүп, аварияны текшерген. Эми алар Өкмөткө баш ийишет да. Ошон үчүн күнөөлүүлөр жумушчулар деп жазып берип жатат да. Ошол жерде 30 жылдан ашык иштегендердин эмне күнөөсү бар? Алардын жазган акттары бири-бирине каршы келет. Цехтер өз алдынча иштеген деп жазып жатышат. Аварияны жоюу боюнча штаб түзүлгөн. Жетекчиси “Электр станцияларынын” директору Кыдырбаев өзү болгон. Ошол киши жетекчи болгондон кийин баарын башкарыш керек болчу. Демек, ал киши башкарган эмес. Азыр болсо ошол актты катып, сурасам андай актка кол коюлган эмес деп мага бербей жатышат. Булардын маселени токтотуш үчүн эки варианты болсо керек. Биринчиси мени жумуштан алуу, экинчиси ошол жердеги жумушчуларды күнөөлүү деп таап, көп сөзгө чекит койгусу келген.

— Сиз 386 млн долларга модернизация башталган учурда кайсыл жумушта элеңиз?

— Анда мен директор эмес элем. Котельный цехтин башчысы болчум. Андан кийин башкы инженер болдум. Өткөн жылы эле директор болгом. Анда модернизациялоо иши бүтүп калган эле. Мен январь айында директор болсом, февралда иш бүтүп, марттан баштап отчёттук документтерди топтой баштаганбыз.

— Модернизация иши башталганда долбоор даяр беле?

— Жаңыдан модернизация иши башталганда ТВЕА деген компания жана 386 млн доллар белгилүү болчу. Башка эч нерсе жок эле. Депутаттык комиссия талап кылганда техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭО) деп бир нерсени алып барып беришпедиби. Ичинде эмне жазылганы түшүнүксүз. ТЭО иштелип чыкканда баарына анализ жүргүзүш керек болчу. Булардын ТЭОсунда ЖЭБдин тарыхы, демонтажды дагы кошуп коюшуптур. Мен бул ТЭОну башта көргөн эмесмин. Депутаттар талап кыла баштаганда 2–3 күндө эле жасап коюшкандай. Иш башталып жатканда долбоор жок болчу. Жумушту баштай беришсин, ошол эле учурда долбоорун да иштесин деген макулдук берилген. Башында эле процедура бузулган. Алгач ТЭО иштелип чыгып, андан кийин курулуштун долбоору иштелет. Ошондо канча каражат кетери анык болот да. Бизде болсо тескерисинче, куруучу компания менен кете турган каражат алгач эле даяр болду. Курулуштун долбоорун болсо аягында бөлүк-бөлүк кылып берип атышты. Жалпы долбоор берилген эмес. Кайсыл долбоор кайсыл датада келгени тууралуу каттамдары бар. Курулуш түбүнөн эле чоң катачылык кетирген үчүн иштин баары “бардак” болуп калды. Мисалы, модернизация болуп атканда Бишкек ЖЭБдин ичинен жабдыктарды монтаждоого жоопкер кылып атайын персонал коюлган. Ал персонал долбоор жок болсо кантип көзөмөл жүргүзөт? Колунда долбоор бар болгон болсо, иш долбоорго жооп береби же жокпу деп карамак. Азыр модернизациянын сапатына эч ким жооп бере албайт.

— Авария болгон учурда сиз ЖЭБдин директору болгонуңузга карабай депутаттык, ведомстволор аралык комиссиянын бир да жыйынына чакырылбаптырсыз. Эмне үчүн сизди чакырып, үнүңүздү угушкан жок?

— Эмне үчүн мени комиссиялар чакырышпаганына өзүм дагы таң калам. Бир комиссиянын жетекчисине чыгып, мени да чакырып угуп койгула десем, “түшүнүк кат жаз” деди. Аны жазып бердим. Ошондо дагы чакырган жок. “Сенин керегиң жок. Сенсиз эле чечип коёбуз” деп койду. Ведомстволор аралык комиссиянын чоңдоруна чыга албадым, мүчөлөрүнө чыгып аттым. Алар болсо “Биз сени угуп көрөлү деп сунуш кылып жатабыз. Бирок сени киргиздирбей жатат” дешти. Депутаттык комиссияга өзүм чыгып, мени да угуп койгулачы деп сурандым. Ошондон кийин депутаттык комиссия мени чакырды. “Энергохолдингдин” жетекчиси Айбек Калиев депутаттык комиссиянын жыйынында мени комиссиянын жыйынына такыр чакырбашымды айтты. Комиссиянын төрагасы Улан Примов “Биз маселени калыс карап, чечишибиз зарыл. Ал үчүн муну да чакырышыбыз керек” деп айтты.

— Айбек Калиев сизден эмне үчүн коркуп жатат?

— Чындыкты айтып жиберет деп коркуп жатат. Мен куру сөз менен эмес, колумдагы кагаздар менен айткандарымды далилдеп бере алам. Модернизациянын сапатына эч ким кепилдик бере албайт десем, Шадиев “Сен эмне үчүн антип айтасың? Жакшы эле салынбадыбы…” деп айтты. Жыйын бүткөндөн кийин өзүнө мына салынган жай, иштебей жатып колдонуудан чыгып жатат деп сүрөттөрүн көргөздүм. Кийинки жыйынга ошол сүрөттөрдү даярдап жатам, алып барып берем.

— ЖЭБдин модернизация болгон бөлүгү иштебей жатып бузулган жайлары барбы?

— Азыр модернизация долбоорунун негизинде салынган жабдыктар иштеп жатат да. Анча-мынча жерлери иштебей калып жатса, айрым жерлеринде жарака кетип, вибрация болуп, талап кылган нормаларга жооп бере албаган учурлар бар. Аларды далилдеген сүрөттөр бар. Мендеги сүрөттөр өзүм иштеген 2-февралга чейинкилери эле. Андан кийин дагы канчасы чыкканын билбейм.

— Документтерди арткы дата менен жасап жатат деген сөздү жыйын учурунда айттыңыз. Кайсыл документтерди жасаганы тууралуу далил барбы?

— Биз 26-январдан баштап ЖЭБден чыккан жокпуз да. Күнү-түнү ошол жерде болдук. 31-январда Жогорку Кеңешке барганда химиялык цех салынбаганын айткам. Ошол күнү кечинде “Электр станцияларынын” директору Кыдырбаев тарабынан “Депутаттар келип текшере турган болуп калды. Элди калтырып, толук текшергиле” деген команда берилген. 2-февралда мени жумуштан кетиришти. Мен жумуштан кеткенден кийин кагаздарды көтөрүп келишти.

Өткөн жылдын декабрь айында ал кагаздарга мен кол койгом. Модернизациялоонун негизиндеги жабдууларды ЖЭБдин балансына кабыл алуу акты болчу. Мага ошол кагаздарды кайра алып келишкенде кол койбой койгом. Муну мага кагаздарды алып келгендер күбө болуп беришет да.

— Жаңы агрегаттарга эски химиялык цехтен сууну тартып барыштыбы?

— Эскилиги жеткен жабдыктар иштен чыгып калгандыктан модернизация болгон деп айтпадымбы. Химиялык цехтер дагы ошондой. Биринчи химиялык цех дагы ошондой жол менен эле иштен чыгарылган болчу. Ал ошол жерге суу берчү. Булар эски жабдуулардын ордуна жаңысын койгондон кийин химиялык цехти жасабай коюп жатпайбы. Эски цехке кошулуп алып эле сууну алып жатышат. Биз ошол жерде иштеген техникпиз да. Эсептеп көрсөк жетпейт экен. Жаңы цех курулушу керек деген маселе көтөрүлгөн. Аны далилдеген протоколдор бар.

— 386 млн доллар толугу менен модернизацияга жумшалса ЖЭБдеги авария болбойт беле?

— Эгер 386 млн доллар толугу менен ЖЭБге жумшалып, химиялык цех салынганда авария болбойт болчу. Жаңы агрегаттын бирөөсү, эскилерден сегиз, төрт буу турбина иштеп жаткан. Буларга суу жетпей калгандыктан авария келип чыкты. Эгер жаңы агрегаттын өзүнүн химиялык цехи болгондо, эскилерге суу жетип, жакшы эле иштемек, авария деле болмок эмес. Аварияны 2–3 саатта кайра ишке салып койсо деле болмок. Бирок, аны татаалдаштырган жагдай казан агрегаттар турган жердин терезелери коюлган эмес, чатыры жабылбаган. Баары ЖЭБ өзүнүн акчасын ремонтко жумшайт деп ойлойт. ЖЭБ жумушту гана аткарат, каржыны “Электр станциялары” чечет. 2015-жылдан бери “Электр станциялары” тарабынан имаратты оңдоо үчүн акча бөлүнбөйт.

— Сиз ЖЭБде иштеп, ал багытты жакшы билесиз да. Тажиктер 250 млн долларга жаңы ЖЭБ куруп ишке киргизди. 386 млн доллар Бишкек ЖЭБди жүз пайыз модернизациялап койгонго жетпейт болчубу?

- 386 млн доллар модернизация болгон ЖЭБдин үчтөн бир бөлүгүн толук бүтүп, андан башка кичинекей ЖЭБ салса жетмек.

— Ведомстволор аралык комиссиянын жыйынтыгы менен аварияга күнөөлүү деп 40 жыл ошол жерде иштеген адистерди жумуштан алып койгонуна не дейсиз?

— Бул мени да таң калтырды. Ал кишилер 40 жылдап ошол жерге өмүрүн беришкендер. Алар чыныгы энергетиктер. Ошондой кишилерди 2–3 киши кызматын сактап калайын деп өзүнүн кызыкчылыгы үчүн жумуштан кетирип жатышат. Мен дагы 18 жашымдан бери ошол жерде иштеп келдим. Мага деле ЖЭБ экинчи үйүм болуп калган. Ал кишилердин баарын жакшы билем. Кокус, ЖЭБде бир нерсе боло турган болсо, алар өзүнүн үй-бүлөсүн таштап, ЖЭБден кетпей иштешет. Буга чейин деле канча авария болгон. Ошол адамдар баарын жөнгө салып келишкен. Күнөө аларда эмес. ЖЭБдеги аварияга “Энергохолдингдин” жетекчиси Айбек Калиев менен “Электр станцияларынын” директору Узак Кыдырбаев күнөөлүү. Ушул экөө жумушта калабыз деп башкаларды жумуштан кетирип жатышкандай.

— Айбек Калиев “Нурлан кызматтан кеткенине чычалап, жалган айтып жатат” дегендей болбодубу?

— Мен ар бир сөзүмдү кагаз түрүндө далилдеп бере алам. Айбек Калиев өзүнүн жалган айткандарын далилдеп бере алабы? Бере албайт. Кечээ күнү депутаттык комиссиянын жыйынында мунун баары билинди. Буга чейинки жыйындарга катышпаган элем. Алар башкача сөздү айтышкан экен. Депутаттар “Буга чейин башкача айтпадыңар беле?” деп сураганда “Биз туура эмес айтып коюптурбуз” деп атты го. Айбек Калиев ушул күнү долбоор бар болчу деп, ким тарабынан кабыл алынганын көрсөтө алабы? Көрсөтө албайт. ТЭОсу болсо кол коюлган эмес же датасы жок. Мен аны менен түз эфирде бетме-бет дебатка чыкканга даярмын. Эл көрсүн, кимдин айтканы чын, кимдики жалган экенин.

— Айбек Калиев энергетика тармагында иштеп көргөн кадр эмес. Мүмкүн анын түшүнүгү жок болуп жаткандан кийин ушул көйгөйлөр жаралып жаткандыр?

— Айбек Калиев энергетика тармагында тажрыйбам бар, мынча жыл иштегем деп айта алабы? Ал кагазды ташып жүргөн бөлүмдөрдө иштеп келген. Душанбедеги ЖЭБди ал жылуулук бербейт, электр энергиясын гана берет деп айтып жатпайбы. ЖЭБ деген жылуулук да, электр энергия да берет. Энергетиктер муну жакшы түшүнөт.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости