www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз Республикасында кыргыз-россия көп кырдуу байланыштарды ырааттуу кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө кошкон Сиздин чоң салымыңыз жана көңүл бурууңуз жогору бааланат.

Кыргызстан Россиянын эки элдин ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө жана колдоого, кылымдар бою келаткан достук байланыштарына негизделген бекем жана туруктуу союздашы жана өнөктөшү болгон жана боло берет», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге бекем ден соолук, бакубатчылык жана Россиянын келечеги үчүн болгон жооптуу мамлекеттик кызматында ийгиликтерди, ал эми көп улуттуу Россия элине болсо тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости