www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9 жылга кесилген Дүйшөнбек Зилалиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.

Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди 5-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан. Бирок кечээ, 6-октябрда аны белгисиз адамдар УКМКнын тергөө абагынан бошотушкан.

2010-2017-жылдары Дүйшөнбек Зилалиевге Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш ишин козгогон. Ошонун негизинде, 2018-жылдын 8-декабрында УКМК тарабынан камакка алынган.

2020-жылдын  август айыында тоо-кен тармагында лицензия берүү боюнча «Коррупция» беренеси менен жаңы иш козголгон. Мындай айыптарды четке кагып келет. Анын адвокатынын айтымында, “Зилалиев мыйзамсыз байыган” деген айып негизсиз, себеби ал кызматтан түшкөндөн кийин байыган экен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости