www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ким башкарарын эл чечсин. Ошон үчүн мыйзамдуу талаага кирели. Жогорку Кеңешти жаман көрсөк дагы, “чимкирик” болсо дагы мыйзамдаштыра турган ошолор. Ошон үчүн премьер-министрликке талапкер бир дагы саясий күчкө таандык болбогон нейтралдуу адам болушу керек” – деп билдирди бүгүн, 7-октябрда “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова Ала-Тоо аянтындагы митингде.

“Премьер-министрликке бир да партия талапкерин көрсөтпөсүн, эл көрсөтсүн. Өкмөттүн мүчөлөрү да ошондой болсун. Бир дагы партия бир да талапкерди көрсөтпөсүн. Таза шайлоо менен эл чечсин. Жогорку Кеңеш саат 14:00гө жыйынга чогулуп жатыптыр, биз ошол жерде турушубуз керек. Ар бир чечим элге керектүү чечимди кабыл алдырыш үчүн турушубуз керек. Биз ары басып кетсек эле, өздөрүнүн соодасы башталат. Ошондуктан талапка катуу туралы” – деди Сооронкулова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости